«Түрк дүйнөсүнүн өтмүшү, бүгүнү жана келечеги» симпозиуму жыйынтыкталды

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Кыргыз-түрк «Манас» университети жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы уюштурган «түрк дүйнөсүнүн өтмүшү, бүгүнү жана келечеги» симпозиуму болуп өттү.

19 Mart 2021 11:14

Иш-чара Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын негизделишинин 100 жылдыгы, түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы жана Түркиянын «мамлекеттик гимн жылынын» урматына уюштурулган.

«Түрк дүйнөсүнүн келечектеги перспективалары: пландары жана мүмкүнчүлүктөрү» отурумунда сөз сүйлөгөн депутат Каныбек Иманалиев Енисей жазма эстеликтеринин Түрк дүйнөсүндөгү мааниси боюнча баяндама жасады.

Ал эми Түркиялык депутат Мустафа Жанбей Чанаккале деңизиндеги жеңишинин 106 жылдыгынын урматына ошол мезгилде жазылган эки аскердин катын окуп берди. Чанаккалдеги согуш ата мекенди коргоого багытталган улуу согуш болгонун баса белгиледи.  

Тили, дини, маданияты жана тарыхы бир мамлекеттер менен байланышка өзгөчө маани берээрин айтып, акыркы 30 жылда түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы байланыш жакшы нукта өнүгүп жатышы чоң кубаныч экенини белгиледи.

Ал эми ТҮРКПАнын Түрк делегациясынын мүчөсү, депутат Исмет Учма, түрк дүйнөсүнүн биримдиги жана тилектештигине басым жасады.

ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов түрк дүйнөсүнүн тарыхын, маданиятын, цивилизациясын жана мурасын коргоо жана бул баалуулуктарды келечек муундарга өткөрүп берүү ар бир жарандын парзы экендигин баса белгиледи.

Ал өз кезегинде симпозиумдун катышуучуларына ыраазычылыгын билдирди.

КТМУнун ректору Проф. д-р. Алпаслан Жейлан симпозиумда окулган баяндамалар кийинчерээк китеп кылып басып чыгарылаарын маалымдады.

Иш-чара катышуучулурга ТүркПАнын сертификаттарын жана белектерин тапшыруу аземи менен аяктады.

Anahtar Kelimeler: «Түрк дүйнөсүнүн өтмүшү, бүгүнү жана келечеги» симпозиуму, Кыргызстан,

Жаңылыктар