Түрк дүйнөсүнө олуттуу салым кошкон  «тержүман» гезитинин басмаканасы.

Түрк элдеринин көрүнүктүү агартуучусу–Исмаил-бей Гаспралы негиздеген «тержүман» гезитинин басмаканасы бир кылым мурда түрк интелектуалдарынын башын бириктирген жай болгон.

10 Temmuz 2021 16:49

Тарыхый басмакана Бахчисарайдагы ортоңку мечиттин жанында жайгашкан. Сырттан караганда абдан жөнөкөй көрүнгөн имаратта белгилүү «тержүман» гезити басылып чыгып, анда түрк элдердин каада-салты, жашоосу, турмушу, экономикасы, маданияты тууралуу маалыматтар үзгүлтүксүз жарыяланып турган.

Маалыматтарга караганда гезиттин ээси Исмаил-бей Гаспралынын үйү да басмаканага жанаша жайгашкан. Бирок үй, бүгүнкү күнгө келип жеткен эмес.

Гаспралы тирүү кезинде бул жер басмакана катары гана эмес, Россия империясындагы түрктөрдү реформага даярдаган улуттук ойгонуу кыймылынын борбору болуп турган.   

1921-жылы Тержүман газетинин типографиясы белгилүү крым татар археологу жана этнограф Хүсейин Боданинскийдин аракеттери натыйжасында музейге айландырылган. Тилекке каршы 1932-жылы жабылып, музейдеги экспонаттардын көбү жоголгон. Ал эми 1938-жылы музейди негиздеген Боданский Сталиндик репрессияга кабылып, атылып кеткен.

1990-жылдары Түркиядагы крым татар коому имаратты сатып алган.

2001-жылы Түркиянын жардамы менен музей калыбына келтирилиген. Музейге Исмаил-бей Гаспралынын ысымы ыйгарылган.

Музейде Исмаил-бей Гаспралы жана Бахчисарайга таандык сүрөттөр, басылмалар башка буюмдар көргөзмөгө коюлган.

Anahtar Kelimeler: «тержүман» гезити, Исмаил-бей Гаспралы,

Жаңылыктар