Түрк дүйнөсүндө интернет медиасын окутуу программасы

Анадолу агенттиги жана Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы «түрк дүйнөсүндө интернет медиасын окутуу программасы» аталыштагы тренинг өткөрүүдө.

06 Ekim 2020 13:35

Анкара шаарында «түрк дүйнөсүндө интернет медиасын окутуу программасы» аталыштагы тренинг өтүүдө. Анадолу агенттиги жана Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы уюштурган окутуу прогаммасына Ооганстан, Азербайжан, Грузия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Венгрия, Румыния, Орусия жана Украиналык журналисттер катышууда. Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Анадолу агенттигинин кабар академиясынын башчысы Алптекин Жиханхир агенттиктин жүз жылдык тажрыйбасын дос жана боордош өлкөлөрдөгү кесиптештер менен бөлүшүп жатканын баса белгиледи. Ал өз сөзүндө классикалык медианын оордун алтернативдүү медиа булактары ала баштаганын айтып, гибриддик согуштар жүрүп жаткан учурда медиа да өзүн абалга жараша жаңылап турушу керектигин баса белгиледи. «Эң негизги максат жөн гана журналист тарбиялап чыгуу эмес, адис даярдоо»,- деди ал.

Ал эми Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын төрага орун басары Абдулхади Тунус түрк тилдүү элдердин журналисттери үчүн тренинг өткөрүү чоң сыймык экенин баса белгиледи. Мындай программалар мындан ары да байма бай ишке ашырыла турганын айтты. Аты аталган башкармачылык буга чейин да бир катар пайдалуу иш-чараларды өткөрүп келгенин баса белгиледи.

Түрк тилинде өтүп жаткан тренинг эки жумага созулат. Тренинг Анадолу агенттигинин иш жүзүндөгү бай тажрыйбасы бар медиа-эксперттеринин тажрыйбалуу командасынын кол алдында өткөрүлөт.  Тренинг интернет журналистикасы, жаңылыктарды даярдоо техникасы, социалдык медианы колдонуу, жаңылык менен инфографикалык маалыматтын байланышы жана медиялык технологияларга үйрөтүүгө багытталган.

Жаңылыктар