Түрк дүйнөсүндө интернет медиасын окутуу программасы

Анадолу агенттиги жана Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы «түрк дүйнөсүндө интернет медиасын окутуу программасы» аталыштагы тренинг жыйынтыкталды.

14 Ekim 2020 22:09

«Түрк дүйнөсүндө интернет медиасын окутуу программасы» аталыштагы тренинг жыйынтыкталды. Анадолу агенттиги жана Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы уюштурган окутуу прогаммасына Ооганстан, Азербайжан, Грузия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Венгрия, Румыния, Орусия жана Украиналык 29 журналист катышты.

Тренинг эки жумага созулду. Анадолу агенттигинин иш жүзүндөгү бай тажрыйбасы бар медиа-эксперттеринин тажрыйбалуу командасынын кол алдында өткөрүлгөн тренинг алкагында интернет журналистикасы, жаңылыктарды даярдоо техникасы, социалдык медианы колдонуу, жаңылык менен инфографикалык маалыматтын байланышы жана медиялык технологиялар үйрөтүлдү.

Иш-чаранын жыйыныктоочу аземинде сөз сүйлөгөн Анадолу агенттигинин кабар академиясынын башчысы Алптекин Жиханхир, түрк дүйнөсүндөгү журналисттер үчүн уюштурулган тренингдин жүрүшүндө дос жана боордош өлкөлөрдөгү кесиптештер өз ара тажрыйбалары менен бөлүшкөнүн билдирди. Мындай иш-чаралар мындан ары да байма бай өткөрүлүп тураарын айтты. Экинчи жана үчүнчү этаптагы тренингдерди онлайн багытта эмес, салтту түрдө өткөрүү караштырылып жатканын маалымдады. Түрк тилдүү элдер ортосундагы медиа тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү зарыл экенин баса белгиледи.

Түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкы өнүктүрүү зарылдыгын Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын төрага орун басары Абдулхади Турус  да баса белгиледи. Пандемиядан кийин тренингдерди бетме-бет өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.

Тренингге катышкан журналисттер эки жумага созулган программанын жүрүшүндө бир топ пайдалуу маалыматтарга ээ болушканын баса белгилешип, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

Жаңылыктар