Түрк дүйнөсүндө жаңы стратегия: Латын ариби

Түрк тилдүү мамлекеттер "кирилл арибинен латын арибине өтүү" процессин аяктоодо. Бир гана Кыргызстан латын арибине өтүү процессин баштай элек. Жаңы латын арибине өтүүнүн стратегиялык мааниси эмнеде? Адистер эмне дейт?

18 Ağustos 2021 16:37

 

Советттер Союзу (СССР) мезгилинде Борбор Азиядагы түрк мамлекеттери көз карандысыз болуп, түрк тилдүү элдердин тили да кирилл арибине өтө баштаган. Алфавиттер борборлоштурулган негизде түзүлүп, бирок, түрк тилдүүлөрдүн ар башка тилиндеги окшош тыбыштар ар башка мөөр тамгалар менен белгиленген. Мындан улам түрк тилдүү элдер ортосундагы тил, адабият, соода жана экономика сымал бир нече тармакта өз ара байланышы үзүлө баштаган.

Бүгүнкү күндө эгемен түрк мамлекеттердин бир катары латын жазуусуна өтүп кетишти же өтүү алдында турушат. Алардын ичинен Өзбекстан латын арибине өтүүнү тездетти. Латын арибине өтүү иш-чаралары Кыргызстанда дагы талкууга алынып, бирок азырынча эч кандай майнап чыга элек.

Түрк мамлекеттеринде колдонулган латын ариби

Азербайжан ариби 32 латын тамгасынан турат. 1993-жылы Түркмөнстан жана Өзбекстан, 1994-жылы Каракалпакстан латын арибине өтүп, бирок бирдиктүү тамгалар колдонулган эмес. Мындан улам Өзбекстанда латын алфавитинин өзбек тилине ылайыкташкан жаңы вариантын сунушталды. Жаңы өзбек латын алфавити 26 тамга, бир тамга айкашы (ng) жана бир апострофтон турат жана буга чейин түрк тилдүү өлкөлөр колдонгон алфавитке кыйла ылайыкташтырылган.

Казакстанда болсо 2017-жылы латын арибине акырындык менен өтүү чечими кабыл алынган. Бирок, сунушталган алфавит сынга кабылган. Түркиялык илимпоздор «бир тыбышты белгилөө үчүн бир тамганы» сунуш кылып, натыйжада 2021-жылдын 28-январында жаңы казак ариби таанытылган.

Крым татарлары жана гагауз түрктөрү да латын арибин колдонот. Ал эми Ирак түрктөрү айрым басылмаларында араб алфавитинин ордуна Түркия Республикасынын латын алфавитин колдонуп жүрөт.

Латын арибине өтүү 1991-жылдан бери талкууланып келет

1991–жылы, түрк мамлекеттери өз эгемендүүлүгүн колго алып, жаңы процесске өттү. Гази университетинин эс алуудагы мугалими, белгилүү түрколог, проф. др. Ахмет Бижан Эржиласун баса белгилегендей, эгемендикке толук ээ болгон 1991-жылы айдыңдар эне тилдеги латын алфавитин кайра түзүү маселесин байма-бай көтөрө башташкан. Алсак 1991-жылдын 18-20-ноябрында Стамбул шаарындагы Мармара университетинин Түрк таануу институтунда "Азыркы түрк алфавити» аталыштагы симпозиум өткөн. Ага түрк дүйнөсүнөн көптөгөн илимпоздор катышып, жолугушуунун жыйынтыгында декларация кабыл алынган. Жыйынтоочу декларацияда, түрк тилдүү мамлекеттерге 34 тамгадан турган латын ариби сунушталган. Бул сунуш абдан эффективдүү болуп, 1 айдан кийин,  тактап айтканда, 1991-жылдын 25-декабрында Азербайжан парламенти латын арибине өтүү чечимин кабыл алган.

«Латын ариби маданий жана саясий көз карандысыздыктын символу"

Латын тамгасына негизделген алфавитти колдонуу түрк дүйнөсү үчүн абдан маанилүү кадам. Белгилүү түрколог, проф. др. Ахмет Бижан Эржиласун баса белгилегендей «СССРдын курамынан чыгып, өз эгемендүүлүгүн жарыялаган түрк мамлекеттери үчүн латын ариби маданий жана саясий көз карандысыздыктын символу».

Түрк дүйнөсү үчүн алфавитти алмаштыруунун эки негизги мааниси бар. Алардын бири Сталин доорунда түрктөргө кысым менен киргизилген кирилл алфавитин өзгөртүү. Анткени Кирилл ариби "Россияга көз карандылыкты" билдирсе, латын алфавити "эркин жана цивилизациялуу дүйнөгө ачылуу" дегенди туюнтат.

Ал эми экинчиси түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоо. Орток алфавит түрк тилдүү элдер ортосундагы биримдикти чыңдап, кызматташтыкка салым кошот. Көз карандысыз түрк мамлекеттери менен катар Крым, Гагаузия, Болгария, Түндүк Македония, Косово, Батыш Фракия, Ирак, жана Сириядагы түрк элдери орток алфавитти колдонсо, бул өлкөлөр ортосунда чоң маданий байланыш түзүлөт.

«Түрк коомчулугу түрк дүйнөсүнө байкоо салышы керек»

Проф. др. Ахмет Бижан Эржиласун белгилегендей кирилл алфавити түрк дүйнөсүндөгү байланышка тоскоолдук жаратчу. Бирдиктүү латын ариби түрк дүйнөсү ортосундагы байланышты чыңдайт.

 «Алфавиттин алмашуусу баарлашууга оң таасирин тийгизээри шексиз. Балкан чөлкөмүндөгү түрк элдери көптөгөн жылдардан бери эле түрк медиасын көрүп, түрк адабиятын окуп келишет. Акыркы жылдары Азербайжан да ушул нукка өттү. Алдыда түрк коомчулугу түрк дүйнөсүнө байкоо салышы керек. Түркияда иликтөөлөрдү жүргүзүү зарыл. Бул үчүн убакыт талап кылынса да акыр аягы ишке ашат»,-деди ал.

Түрк дүйнөсү үчүн бирдиктүү түрк алфавити

Проф. др. Ахмет Бижан Эржиласун белгилегендей «Түрк дүйнөсүнүн 98 пайызы мусулман түрктөрдөн турат. Алардын арасында илгертен араб алфавити кеңири тараган. Болгону  чагатай жана осмон тилдеринин ортосунда орфографиялык айрым айырмачылыктар болгон. 1927-жылдан тарта СССРдин курамындагы түрк элдери орток алфавит колдоно баштаган. 1937-38-жылдары Сталин латын арибин колдонууга тыюу салып, жаңы кирилл алфавити колдонула баштаган. 1991-жылдан тарта кайрадан латын арибине өтүү кадамы башталды.

Бир гана Кыргызстан латын арибине өтүү процессин баштай элек

Кыргызстанда алфавитти реформалоо демилгеси айрым учурларда көтөрүлүп, бирок, процесс баштала элек. Проф. др. Ахмет Бижан Эржиласун жакынкы 10 жылдын ичинде Кыргызстан да латын арибине өтөт деп эсептейт:

«Менин оюмча, Кыргызстан латын алфавитине өтүү маселесин Казакстандагы процесс аяктагандан кийин карай баштайт. 10 жылга жетпеген убакыт аралыгында бул маселе чечилет деп ойлойм. Эске сала кетсек, алфавитти өзгөртүү чечимин саясий бийлик кабыл алат. Албетте, саясий бийлик ар дайым коомдун пикиринин эске алат. Ал эми кыргыз коомчулугунда латын арибине өтүүнү каалагандар, бул маселени көтөрүп чыгып, талкууга койгондор аз эмес. Андыктан жакынкы аралыкта бул аракеттердин жыйынтыгы болот деп ишенем»

«Саясий жана маданий шарттар, бирдиктүү алфавитке алып барат»

Проф. др. Ахмет Бижан Эржиласун белгилегендей Иранда 30-35 миллион, Чыгыш Түркстанда 15-20 миллион, Ооганстанда 3-4 миллион түрк жамааты азыр да араб тамгаларын колдонуп келет. Саясий жана маданий шарттар, бардык түрк жамааттарын бирдиктүү алфавитке алып барат.

 

 

Anahtar Kelimeler: Латын ариби, Түрк дүйнөсү,

Жаңылыктар