Түрк дарыгерлеринин ийгилиги

2020-жылы пандемиядан улам саякаттоого чектөө  киргизилгенине  карабастан чет элдик 1 миллион 200 миң жаран ден-соолугун чыңдоо үчүн Түркияны тандады.

25 Şubat 2021 01:03

Түркия,  коронавируска каршы алгылыктуу күрөшүп, эмдөө программасын ийгиликтүү жүргүзүүдө. Түркиядагы заманбап ооруканаларда бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ар кандай ооруларды дарылоо жолун түрк дарыгерлери мыкты өздөштүрүшкөн. Мына ушул өзгөчөлүктөрү менен Түркиянын саламаттык тармагы дүйнөгө таанымал.

Түркия саламаттык лигасында дүйнөдө Тайвань, Индия жана Малайзиядан кийинки 4-орунда турат. 2020-жылы пандемиядан улам саякаттоого чектөө  киргизилгенине  карабастан чет элдик 1 миллион 200 миң жаран ден-соолугун чыңдоо үчүн Түркияны тандады.

Хирургиялык операциялар эң көп талап кылынды

Түркияга ден-соолук издеп келгендердин сап башында Ирак, Ливия, Азербайжан, Алжир, Сауд Арабиясы жана Казакстандын жарандары турат. Көбүнчөсү хирургиялык операцияларды жасатууга келген. Жүрөк-кан тамыр оорулары, ЭКУ жана рак ооруларын дарылоодо түрк дарыгерлерине ишеним чоң.

2020-жылы саламаттык сактоо туризминен 4 миллиард доллар киреше түшкөн.

Жаңылыктар