Түрк элдеринин көрүнүктүү агартуучусу–Исмаил-бей Гаспралы

Коомдук ишмер, ойчул, жадидизмдин негиздөөчүсү, түрк элдеринин көрүнүктүү агартуучусу, публицист Исмаил-бей Гаспралынын өмүр жолу.

21 Mart 2021 00:14

 «Тилде, пикирде, иште биримдик»

Коомдук ишмер, ойчул, жадидизмдин негиздөөчүсү, түрк элдеринин көрүнүктүү агартуучусу, публицист Исмаил-бей Гаспралы 21-март 1851 жылы азыркы Крым Автономиялуу Республикасынын, Бакчысарай шаарында жарык дүйнөгө келген.

Исмаил Гаспралыны атасы орус армиясынын лейтенанты Мустафа Алиоглу Гаспринский, энеси  Фатма Султан болгон.

Бакчысарай шаарындагы мусулман мектебинен башталгыч билим алып, 1865-66-ж. Москвадагы кадет корпусунда окуган.

Исмаил-бей Гаспралы тымызын Түркияга качып кетүүнү каалаган

Москва шаарында окуп жүргөн кезинде орус интеллектуалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алган. Аларга сый урмат менен мамиле кылса да мектептеги панслависттик көз караш ага терс таасирин тийгизип, натыйжада Россия империясындагы түрктөрдү бириктирүү идеясы пайда боло баштаган. Крит козголоңу башталганда  козголоңчу гректерге каршы күрөшкөн Осмон аскерлерине кошулуу үчүн жашыруун Түркияга качып кетүүнү каалаган. Бирок Одессада кармалып, аскердик наамы алынган.

Орус жазуучусу И. Тургеневдин секретары болгон

Гаспыралы 1868-жылы Бахчесарайга кайтып келип, орус тили мугалими катары эмгек өтөй баштаган. Ошол учурда орус адабий жана философиялык чыгармаларын көп окуган. 1872-жылы Стамбул, Вена, Мюнхен жана Штутгарт аркылуу Парижге барган. 1872-74-ж. Парижде жашап, орус жазуучусу И. Тургеневдин секретары болгон, ошондой эле учурда Париж университетинде окуган.1874-жылы Осмон империясынын аскери болууну самап, Стамбулга келген. Бир жылдан кийин кайра Крымга кайтып барган.

Бакчысарайда шаар башчысы кызматын аткарган

1878-жылы Бахчесарай шаар башчысынын орун басары болуп шайланган. Кийинки жылы шаар башчысы болуп дайындалып, 1884-жылга чейин ушул кызматты аркалаган.

«Тержүман» гезити

1883-жылдан Россиядагы алгачкы «Тержүман» («Котормочу») түрк гезитин чыгарууну колго алып, 30 жылдан ашуун убакыт бул гезит илим-билим, маданиятты мусулман калкынын арасына жайылтууда зор роль ойногон жана Крым, Кавказ, Татарстан, Башкыртстанда эле эмес, Индия, Египет, Иран, Ирак, Чыгыш Кытай жана башка өлкөлөргө да тараган. Россиянын чет жакасындагы түрдүү элдердин каада-салты, жашоосу, ошондой эле Индия, Египет, Түркия, Франция, Англия жана башка өлкөлөрдүн турмушу, экономикасы, маданияты тууралуу маалыматтар үзгүлтүксүз жарыяланып турган.

«Тержүман» гезити Крымдагы татарлардын эне тилинде чыккан биринчи гезит болгон. Ал эми бүткүл Орусия боюнча түрк тилинде чыккан үчүнчү гезит.

Билим берүү жаатындагы иш-аракеттери

Мусулман мектептери менен медреселерде окутуунун мазмунун өзгөртүп, аларда дин менен катар математика, география, тарых, биология сыяктуу сабактарды араб жазмасынын негизинде өз тилинде окутуу зарылдыгын белгилеген. Араб тамгаларын түрк тилдеринин тыбыштык өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтыруу керектигин сунуштаган. 1888-ж. жадиддик ыкмага өткөн мектептер менен медреселерге арналган «Баланын окутуучусу» аттуу биринчи окуу куралы, 1894-ж. «Түрк хрестоматиясы» 1894-ж. жаңы методикадагы «Усули Жадид» мектебинин мугалимдери үчүн педагогикалык кеңештер берилген «Мугалимдерге колдонмо» окуу китептери жарык көргөн.

Гаспринский Крымда жана башка мусулман өлкөлөрүндө аялдарга билим берүү демилгесин көтөрүп чыккан жана аны ишке ашыруучу, негиздөөчүсү катары да саналат. Ал аялдар үчүн атайын «Аялдар» аттуу эмгегин, «Арстан-кыз» повестин, «Тержиман» гезитине кошумча катары «Аялдар дүйнөсү» журналын чыгарган. Аялдар кыймылы тууралуу өз көзкарашын «Чыгыш жана Батыш аялдары» аттуу көлөмдүү макаласында чагылдырган. Аялдардын билим алуу боюнча маселелерин «Дер эль рахатские мусульмане» аттуу романында да ачып, чыгармада «сырдуу өлкөдөгү» аялдардын жашоосун мүнөздөгөн. Бул жылдары эл ичинде агартуу иштери боюнча улуу кыймыл башталып, аялдардын билим алуусу үчүн 3 млнго жакын акча топтолуп, жаңыча методдогу ондогон мектептер ачылган. 300дөй түрдүү окуу куралдары жана методикалык китептер жарык көргөн, Памирде, Ошто, Чыгыш Кытайда жана башка жерлерде сегиз «Жемиет Харилие», башкача айтканда кайрымдуулук коомдору уюшулган. Ал Түркстан аймагына эчен ирет келип, Самаркан, Ташкен, Бухара, Каракол шаарында жаңы методдогу мектептерин ачкан жана алгачкы сабактарды өзү өткөргөн.

Андагы элдердин маданияты, агартуусу тууралуу илимий эмгектерди, көркөм чыгармаларды жараткан. Анын таасири менен Кыргызстандын аймагында да төрт мектеп: Пишпекте «мадрасаи-иштидат», Токмоктогу «мадрасаиикбалия», Чоңкеминде «мадрасаи-шабдания» жана Караколдо Гаспринскийдин мектеби ачылган. Кыргыз элинин Тоголок Молдо, А. Чоробаев, Т. Талканбаев, Ы. Шайбеков сыяктуу биртоп көрүнүктүү өкүлдөрү ушундай мектептерден билим алып, өз доорунун алдыңкы билимдүү адамдарынан болушкан. 

Россия мусулмандар союзу

1906-ж. «Россия мусулмандар союзу» («Иттифак ул-муслимун») уюмунун борбордук комитетине мүчө болуп шайланган. мамлекеттик Думадагы мусулман фракциясы менен тыгыз байланыш түзүп, анын иштерине натыйжалуу көмөк көрсөткөн. Гаспринскийдин мусулман элдеринин дүйнөлүк конгрессин уюштуруу аракети жана анын жалпы мусулман калктарынын ичинде агартуучулук иштери эл-аралык кайрымдуулук актысы катары бааланган.

Тилде, пикирде, иште биримдик.

«Тилде, пикирде, иште биримдик” урааны 1911-жылдан тарта Тержүман гезитинин башкы барагына жарыяланып турган.  Андан бери бир кылым өтсө да ураа актуалдуулугун жогото элек.

Гаспралы Осмон дөөлөтүнүн интеллектуалдары менен тыгыз кызматташтыкта болгон.

Гаспралы 24-сентябрь 1914-жылы 63 жаш курагында көз жумган.

Чыгармалары: Русское мусульманство Симферополь 1881, Мусулмандын ойлору, сынбаамдары жана байкоолору (Бакчасарай, 1882), Мират-ы Жедид, (Бакчасарай, 1882), Ховажа субьян (Бакчасарай, 1884), Европа маданияты боюнча көз караш (Бакчасарай, 1885), Исламга байланыштуу өкүмдөр жана артыкчылыктар (Бакчасарай, 1885), Орусия аймагы (Бакчасарай, 1885), Эки баатыр (Бакчасарай, 1886), Түрк хрестоматиясы, Краед турки (Бакчасарай, 1886) ж.б.

 

Anahtar Kelimeler: Исмаил-бей Гаспралы, «Тилде, пикирде, иште биримдик»,

Жаңылыктар