«Түрк элдеринин ырым-жырымдары» китеби

Казакстанда проф. д-р. Адил Ахмедовдун «Түрк элдеринин ырым-жырымдары» китебинин бет ачаары болуп өттү.

19 Mayıs 2021 12:46

 

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында белгилүү изилдөөчү, илимий кызматкер, проф. д-р. Адил Ахмедовдун «Түрк элдеринин ырым-жырымдары» китебинин бет ачаары болуп өттү. Улуттук академиянын китепканасында өткөн аземге Казакстандын мамлекеттик катчысы Крымбек Көшербаев, Эл аралык түрк академиясынын башчысы Дархан Кыдырали, Казакстан Республикасынын Илим жана Билим берүү министри Асхат Аймагамбетов, Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Шахрат Нурушев, эл өкүлдөрү, илимпоздор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү катышышты.

Салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөгөн мамлекеттик катчы Крымбек Көшербаев китеп бүткүл түрк дүйнөсү үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи. Адил Ахмедовдун көп жылдык эмгегинин натыйжасында түрк элдерин жашоо турмушунда ыйык деп эсептелген ырым-жырымдар илимий өңүттөн иликтенип, китеп болуп чыкканын айтты.

Китептин автору Адил Ахмедов белгилегендей «Түрк элдеринин ырым-жырымдары» китеби 30 жылдык эмгектин натыйжасы. Бул абдан манилүү эмгек. Китепте түрк элдеринин ырым-жырымдары ар кыл өңүттөн иликтенген.

Китепти бала бакчадагы балдардан тартып университетте илимий изилдөө жүргүзүп жаткан академиктер да пайдалана алат.

«Түрк элдеринин ырым-жырымдары» китебин Эл аралык түрк академиясы басып чыгарды. 600 барактан турган китепте 40ка жакын түрк элинин ырым-жырымдары жана ырым-жырым сөздүгү камтылган.

Аземде автордун «Мурунку америкалык индеецтердин Алтайлык теги» жана «Кылым сабагы» китептери да таанытылды.

Anahtar Kelimeler: Адил Ахмедов, «Түрк элдеринин ырым-жырымдары», Нур-Султан,

Жаңылыктар