23 Temmuz 2021 20:50
Маалыматтарга караганда тарыхый ибадаткана XV-XVI кылымдарда курулган. Аталышы ар түрдүү: Мевлеви ибадатканасы, дервиш ибадатканасы, жума мечити жана Азиз Баба Мевлеви ибадатканасы.
Айтылуу саякатсы Евлия (олуя) Челеби өзүнүн чыгармасында Кезлевде үч ибадаткана бар деп айтып, Халвети жана Желвети секталарына таандык ибадатканлардын ичинен эң гүлдөп-өнүккөнү Күлечли Ахмед Эфенди атындагы ибадаткана экендигин жазып калтырган.
Ибадатканадан Шахин Герай Хан дооруна (1781) жана Орус императрицасы Елизавета Петровна мезгилине (1757-1762) таандык тыйындар табылган.
Ибадаткана Совет мезгилинде жабылып, диний жөрөлгөлөргө тыюу салынган. Советтик деңиз флотунун кампасы катары колдонулган.
Anahtar Kelimeler: Тарыхый ибадаткана, Крым,