Түрк-ислам тарыхынын Крымдагы издери: Ханике айымдын күмбөзү

Легендарлуу Ханике айым жана анын күмбөзү туралуу маалымат.

05 Mayıs 2021 01:44

 

Ханике айымдын күмбөзү Бахчисарай шаарында жайгашкан.

Ханике айым Алтын Ордо мамлекетинин ханы Токтомуштун кызы болгон. Крымдын саясий жана коомдук турмушунда маанилүү орунду ээлеген. 1437-жылы дүйнөдөн кайткан. Көзү өткөндөн кийин ага арналып, укмуштуудай кооз күмбөздүн тургузулушу анын коомдогу маанилүү оордун далилдейт.

Күмбөздөгү жазуулар туура эмес окулгандыктан айрым булактарда «Ненкежан айымдын күмбөзү»  же «Жанике айымдын күмбөзү» деп аталып калган.

Ханике айымдын күмбөзү качан салынганы белгисиз. Ханике айым 1437-жылы дүйнөдөн кайтканда бийликтин башында Крым хандыгынын негиздөөчүсү Хажы Гирай Хан турган. Ханике айым Хажы Гирай Хандын жакын адамы жана саясий жактоочусу болгондуктан, күмбөз, анын көзү өткөндөн көп өтпөй салынса керек деген божомолдор бар.

1836-жылы Николай Мурзакевич Ханике айымдын күмбөзүнүн жарымы талкаланган деп сүрөттөйт. Күмбөз бир канча ирээт жаңыланган.

Күмбөз бышкан кыш менен сегиз бурчтуу тургузулган. Күмбөздүн ичиндеги саркофагда «Токтомуш Хандын кызы Ханике айым» деген жазуу бар.

Крым татарлары арасында Ханике айым туралуу айтылган бир нече уламыш бар. Уламыштарда Ханике айымдын Крым хандыгын түптөлүшүндөгү маанилүү ролу баяндалат.

Anahtar Kelimeler: Ханике айымдын күмбөзү, Крым,

Жаңылыктар