Түрк-Ислам тарыхынын Крымдагы издери: Хажы Герай хандын күмбөзү

Хажы Герай хандын күмбөзү Зинжирли медресесинин кире беришиндеги Салачык аймагында жайгашкан.

26 Haziran 2021 08:58

Хажы Гирей, Крым хандыгынын негиздөөчүсү жана Гирей династиясынын биринчи башкаруучусу болгон.  Ал 1946-жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан. Хажы Герайдын күмбөзүн 1502-жылы уулу I Менгли Герай хан салдырган.

Күмбөз 2008-2009-жылдары казылып, анын ичинен 18 кишинин сөөгү табылган. Алар; Крым хандыгынын негиздөөчүсү Хажы Гирей хан, уулу I Менгли Герай хан, небереси I Сахиб Гирей Хан, Гирей династиясынын айымдары жана шахзаадалары.

Хажы Гирей хандын күмбөзү туралуу алгач ирээт олуя Челебинин китебинде эскерилет. Анда Челеби « Салачыкта бир катар күмбөздөр бар» деп жазып калтырган. Бирок бүгүнкү күнгө бир гана Хажы Гирей хандын күмбөзү келип жеткен.

Күмбөз Совет доорунда чочколордун акыры жана кампа катары колдонулган.

Хажы Герай хандын күмбөзү жана Зинжирли медресеси 2007-2009-жылдары Түркия тарабынан реставрацияланып, калыбына келтирилген.

 

Anahtar Kelimeler: Хажы Герай хандын күмбөзү, Гирей династиясы, Крым,

Жаңылыктар