Түрк-Ислам тарыхынын Крымдагы издери: Үскүт айылындагы «жума» мечити

Үскүт айылындагы «жума» мечити XVII кылымда курулган.

06 Ağustos 2021 22:09

Мечит XVII кылымда курулган. Бирок кийинчерээк кыйроого учурап, 1900-жылдардын башында Түркиядан барган усталар мурунку мечиттин оордуна жаңы мечит салган. 1905-жылы узундугу 25 метр келген мунара салынган. 3 кабаттуу «жума» мечити Крымдагы ири мечиттердин бири болгон.

1928-жылы Совет бийлиги мечиттин мунарасын буздуруп таштаган. Ага удаа эле мечиттин имамы сүргүнгө айдалган.

Мечит 1933-жылы  расмий түрдө жабылып, имараттын  биринчи кабаты айылдык клубга айландырылган. Экинчи жана үчүнчү кабаттары кичинекей бөлмөлөргө бөлүнүп, Комсомолдорго жана Коммунисттик партиянын башка административдик бирдиктерине пайдаланууга берилген.

Мечит, Экинчи дүйнөлүк согушта Германиянын карамагына өтүп(1941-1944), сыйынууга ачылган. Бирок 1944-жылы Кызыл Армия Крымды кайтарып, крым татарлары тобу менен сүргүнгө айдалганда мечит кайра жабылып, башка максаттар үчүн пайдаланыла баштаган..

1980-жылдардын аягы менен өз ата-мекенине кайтып барган крым татарлары мечитти жаңылап, жаңы мунара салып, сыйынууга ачкан.

Anahtar Kelimeler: «жума» мечити, Крым,

Жаңылыктар