Түрк-Ислам тарыхынын Крымдагы издери: Судак кале мечити

Судак сепилинде орун алган мечит Алтын Ордо доорунан мурас калган уникалдуу эмгектердин бири.

03 Temmuz 2021 20:20

Мечиттин качан салынганы так белгисиз. Бирок окумуштуулар казууларда табылган жазууларга таянып, бул мечит бир кездердеги алтын Ордо мамлекетине тийиштүү экенин белгилешет. Алардын айтымында мечит 1365-жылга чейин салынган.

Судак чеби 1365-жылы Генуаздыктардын карамагына өткөн. Чептеги мечит католик чиркөөсүнө айландырылган. Чеп 1475-жылы Осмон империясынын карамагына өтүп, Султан II Байезид имаратты кайрадан мечитке айландырган. Ошондон тарта «Султан Байезид мечити» деп атала баштаган.

Мечит туралуу алгач белгилүү саякатчы Челеби олуя эмгегинде эскерген. Ал мечиттин куполу оңдолушу керектигин жазып, Судак чебинин ичинде адамдар отурукташпагандыктан мечитке келгендер аз экендигин жазган.

Крым жана Судак чеби 1783-жылы Орус империясынын карамагына өткөндө мечит кайрадан чиркөөгө айландырылган. 1817-жылы Германиялык колонизаторлорго берилсе, 1883-жылы армяндарга пайдаланууга берилген.

1970-1973-жылдары жаңыланган.

Совет доорунан бери музей катары колдонулуп келет.

Anahtar Kelimeler: Судак кале мечити, Крым,

Жаңылыктар