31 Temmuz 2021 22:07
Мечиттин баштапкы калыбы XVII кылымда курулган. Бирок кийинчерээк кыйроого учурап, 1886-жылы Хасаноглу Сейдамет, мурунку мечиттин оордуна жаңы мечит салдырган.
Крымга Кеңеш өкмөтү орногондон көп өтпөй, 1920-жылдын аягы менен мечит жабылган. Ал эми 1934-жылдан тарта клуб жана колхоздун кампасы катары колдонула баштаган. 1939-жылы Советтер Союзу мечиттин мунарасын алып таштаган.
Мечит, Экинчи дүйнөлүк согушта Германиянын карамагына өткөндө, ичи тазаланып, кайрадан сыйынууга ачылган. Бирок 1944-жылы Кызыл Армия Крымды кайтарып, крым татарлары сүргүнгө айдалганда мечит кайра жабылган. Имарат Советтер Союзу ыдыраганга чейин студенттердин жатаканасы катары колдонулган.
1990-жылдары өз ата-мекенине кайтып барган крым татарлары мечитти жаңылап, жаңы мунара салып, сыйынууга ачкан.
Anahtar Kelimeler: Хажы бей мечити, Крым,