21 Mayıs 2021 19:19
Өзбек Хан мечити — Алтын Ордо дооруна таандык архитектуралык эстелик. Имарат 1314-1315-жылдары курулган.
Крым 1783-жылы Россиянын карамагына өткөн соң тарыхый эстелик көп жылдар бою кароосуз калып, талкаланган.
1864-жылы кайрымдуу адамдардын бири мечитти оңдоодон өткөргөн.
Совет мезгилинде мечит тарыхый эстелик деп кабыл алынган.
1932-жылдан тарта мечитте сыйынууга тыюу салынып, тарыхый жазуулар сакталган жайга айландырылган.
1944-жылы крым татарлары сүргүнгө айдалаары менен кампа катары колдонула баштаган.
1990-жылдары крым татарлары өз мекенине кайтып келген соң оңдоодон өткөрүлүп, имарат кайрадан мечит катары колдонула баштаган.
Өзбек хан мечити — Алтын Ордо мамлекетинен ушул күнгө чейин сакталып калган жападан жалгыз мечит.
Украинанын Улуттук банкы 2014-жылдын 10-октябрында «Өзбек хан мечити жана медресеси 700 жашта» деп аталган эстелик монеталарын чыгарган.
Anahtar Kelimeler: Өзбек Хан мечити, Алтын Ордо, Крым,