Түрк Кеңеши энергетика маселесин талкуулады

Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө макулдашты.

24 Şubat 2021 18:03

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) энергетика министрлери энергетика тармагында кызматташуу үчүн  биринчи жолу жыйынга чогулду. Видеоконференция форматында өткөн жыйында энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүп диверсификациялоо жана аймактагы энергетикалык байланыштарды жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду. Эл аралык каржы институттары менен биргелешип семинарларды уюштуруу идеясы талкууланды.

Жаңыланып туруучу энергия жаатында Түркия чоң тажрыйбага ээ экени баса белгиленди. Өз кезегинде Түркия өз тажрыйбасын Түрк кеңешине мүчө өлкөлөр менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

Тараптар, жаратылыш газы жана мунай индустриясы жаатында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар экенин билдиришти.

Тараптар Кеңешке мүчө мамлекеттердин ортосунда мунай зат инженериясы жаатында биргелешкен ишкана түзүү маселесин күн тартибине алышты.

Ошондой эле Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө макулдашты.

Министрлердин экинчи жыйыны 2022-жылы Казакстанда өтө турган болду.

Жыйынга, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) баш катчысы Багдад Амреев, Түркия Республикасынын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Азербайжан Республикасынын Энергетика министри Парвиз Шахбазов, Казакстан Республикасынын Энергетика министри Нурлан Ногаев, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана Өнөр жай министринин орун басары Вероника Исаева, Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлигинин кеңешчиси Азиз Алимухаммедов, Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин энергетика жана климат боюнча өкүлү Дора Зомбири катышты.

Жаңылыктар