Түрк Кеңеши энергетика маселесин талкуулайт

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Энергетика министрлеринин жыйыны өтүп, энергетика тармагында кызматташуу маселеси талкууланат.

24 Şubat 2021 17:41

Экономика, соода, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана туризм тармактарында алгылыктуу кызматташып келген Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөр эми энергетика жаатында кызматташат. Ага ылайык 24-февралда Түрк Кеңешинин Энергетика министрлеринин алгачкы жыйыны өтөт. Министрлердин жыйыны видеоконференция форматында өтөт.

Жыйындын ачылышын Азербайжандын Энергетика министри жана Түрк Кеңешинин кезектеги төрагасы Парвиз Шахбазов менен  Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) баш катчысы Багдад Амреев жасайт.

Жыйында энергетика боюнча аткарыла турган жумуштардын негизги багыттары кеңири талкууланат.

Жыйында Түркия Республикасынын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Казакстан Республикасынын Энергетика министри Нурлан Ногаев, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана Өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Өзбекстан Республикасынын Энергетика министри Алишер Султанов жана Венгриянын Инновация жана технология министрлигинин энергетика саясаты боюнча мамлекеттик министри Аттила Штайнер сөз сүйлөйт.

Ошондой эле Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер ортосундагы энергетика жаатындагы көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалына баа берилип, энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, энергетикалык байланыштарды жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашуу болот.

Жаңыланып туруучу энергия булактарын өнүктүрүүгө ылайыктуу инвестициялык чөйрөнү камсыз кылуу, энергияны натыйжалуу пайдалануу жана алдыңкы энергетикалык технологиялык маалымат алмашуу маселелери каралат.

Жаңылыктар