Түрк Кеңеши жана ТүркПА Кыргызстандагы шайлоо таза өткөнүн билдирди

Эл аралык байкоочулар Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум ачык-айкын жана эл аралык стандарттарга шайкеш өткөнүн билдиришти.

12 Nisan 2021 12:54

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Омер Кожаман Бишкектеги маалымат жыйында Кыргызстанда Конституция боюнча референдум ачык-айкын жана шайлоолордун эл аралык стандарттарын сактоо менен өткөнүн билдирди.

Ошондой эле Түрк кеңешинин ишине кийлигишүү же бөгөт коюулар болгон жоктугун белгиледи.

Ал эми Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) эл аралык байкоочулар миссиясынын координатору Реджеп Шекер Кыргызстанда Конституция боюнча референдум демократиялык жана эл аралык шайлоо стандарттарынын негизинде өткөнүн билдирди.

Реджеп Шекер кошумчалагандай, миссия Кыргызстандын шайлоо жана референдумга байланыштуу мыйзамдардын демократиялык стандарттарын бекемдөөдө орундуу жетишкендиктерин баса белгилейт.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституция боюнча референдумга добуш берүү өттү.

Акыркы маалыматтарга караганда, референдумга 1 млн 59 миң 476 жаран “макул” добушун берди. Ал шайлоочулардын 79,24%ын түзөт. Ал эми 182 миң 553 шайлоочу “каршы” добушун берди.

Референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого 10 мамлекет, 16 элчилик жана эл аралык 10 мекемеден 200гө чукул байкоочу көз салды.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, референдум, шайлоо, Түрк Кеңеши, ТүркПА,

Жаңылыктар