Түрк кеңешинө мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү туризм боюнча тренингден өттү

Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин туризм жаатындагы өкүлдөрү туризм тармагын эң аззыян менен пандемиядан чыгарууга багытталган тренингден өттү.

22 Eylül 2020 20:40

Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин туризм жаатында иштеген өкүлдөрү онлайн тренингден өттү. Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлиги уюштурган иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Венгириядагы туризм мекемелеринин өкүлдөрү, туристтик операторлор жана ишкерлерден турган 200 киши катышты.

Түрк кеңешинин баш катчысынын орун басары Гисмат Гөзалов, тренингдин ачылышын жасап, анда түрк кеңешинин катчылыгынын пандемия учурундагы иш-аракеттери туралуу маалымат берди. Пандемия учурунда, кеңешке мүчө өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн манилүүлүгүн баса белгиледи.

Жыйында коопсуз туризмди  жайылтуу маселеси талкууланды. Пандемиядан Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин туризм тармагын эң аз зыян менен чыгарууга көңүл бурулду.   

Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлигинин өкүлү Онур Гөзет Түркиянын туризм жана саламаттык тармагынын учурдагы абал боюнча баяндама жасады.

Түркия Республикасынын туризмди өнүктүрүү боюнча агенттигинин башкы директорунун орун басары Элиф Балжы Фисуноглу «коопсуз туризм»   сертификациялоо программасы  боюнча кеңири маалымат берди.

Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлигинин дагы бир өкүлү Бану Бедел, коронавирустун алдын алуу чаралары боюнча маалымат берип, Түркиянын бул жааттагы тажрыйбасы менен бөлүштү.  

Жаңылыктар