Түрк кеңешине мүчө өлкөлөр пандемия учурунда киберчабуулдардын алдын алуу маселесин талкуулашты

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча жумушчу тобунун чакан жыйыны өттү.

21 Eylül 2020 21:03

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча жумушчу тобунун чакан жыйыны өттү. Онлайн форматта өткөн жыйынга, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Венгриялык өкүлдөр катышты.

Жыйындын ачылышын Түрк Кеңешинин баш катчысынын орун басары Гисмат Гөзалов жасап, маалымат жана коммуникация технологиялары билим берүү, соода, коопсуздук жана коомдук жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калганын баса белгиледи.

Гөзалов заманбап технология каражаттары күнүмдүк турмуштагы ишибизди жеңилдеткенин баса белгилөө менен бирге пандемия башталганы санариптик трансформацияга көз карандылык көбөйгөнүн айтты. Пандемиядан улам мамлекеттик мекемелер, ири ишканалар жана компаниялар иштөөнүн жаңы ыкмаларын издеп, көбү онлайн иштөөгө өткөнүн, аны менен катар киберчабуулдар көбөйгөнүн баса белгиледи. Киберчабуулдар көбүнесе саламаттык тармагына багытталап жатканын айтып, түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдү, санариптик инфраструктураны чыңдоого чакырды.

Жыйында, пандемия учурунда кибер коопсуздук жаатында көрүлүп жаткан чаралар талкууланып жана тажрыйба алмашуу маселеси талкууланды.

Ошондой эле, кеңешке мүчө өлкөлөрдүн «компьютердик чукул кырдаалда иш алып баруу топторунун" кызматташтыгы, кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана киберкылмышкерлерге каршы координациялуу иш алып баруу маселеси талкууланды.

Жаңылыктар