Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин футбол федерациялары кызматташат

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө мамлекеттердин футбол федерациялары кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

14 Nisan 2021 23:37

14-апрелде Түркия, Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргыз Республикасынын улуттук футбол ассоциациялары кызматташуу боюнча көп тараптуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Түркиянын Футбол федерациясы билдирди.

Меморандумга кол коюу онлайн-режимде өттү. Жолугушууну Түркия футбол федерациясынын президенти Нихат Өздемир ачып берди. Кыргыз футболдук союзунун атынан президент Канатбек Маматов катышты.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн меморандуму ассоциациялар ортосундагы футболдук кызматташууну активдештирүүгө арналган. Футболдук ассоциациялар машыктыруучуларды окутуу, калыстар менен алмашуу жана аларды окутуу, ошондой эле өлкөлөр арасындагы ар кандай курактагы улуттук курама командалар менен жолдоштук беттештерди уюштуруу жана Түрк кеңешинин Кубогун өткөрүү боюнча сүйлөшүштү.

Түркия футбол федерациясынын президенти Нихат Өздемир келишимди тарыхый деп атады.

«Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин футбол федерациялары катары спорт жаатында тарыхый келишимге кол коюп жатабыз. 2009-жылы жалпы тарых, жалпы тил жана жалпы маданиятты туу тутуп, тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого, мүчө өлкөлөрдүн кеңири кызматташтыгына көмөктөшүүгө жана жалпы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багытталып, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши расмий түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Азербайжан, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Венгрия, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Түркия  ар кандай чөйрөлөрдөгү кызматташтыгын кеңейтип, 20дан ашык тармакта актфивдүү кызматташып жатат. Ал эми бүгүн футбол жаатында келишимге жетишип отурабыз. Биргелеше манилүү иш-аракеттерди жүзөгө ашырабыз деп ишенем»,-деди ал.

 

 

Anahtar Kelimeler: Түрк кеңеши, футбол,

Жаңылыктар