Түрк Кеңешинин баш катчысы Амреевдин Хожалы кыргыны жөнүндө билдирүүсү

Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин баш катчысы Багдад Амреев: «Хожалы кыргынынын курмандыктарын урмат-сый менен эскеребиз»

28 Şubat 2021 16:00

Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин баш катчысы Багдад Амреев, Хожалы кыргынынын 29 жылдыгына карата билдирүү жарыялады. Анда баш катчы, 1992-жылдын 26-февралында Армения күчтөрү Тоолуу Карабактын Хожалы шаарында бейкүнөө адамдарды, анын ичинде кары-картаңдарды, аялдарды, балдарды жана ымыркайларды өлтүргөнүн эске салды.

Амреев, армян аскерлери миңдеген азербайжан улутундагы жаранды туткунга алганын, Хожалы шаары толугу менен талкалаганын айтты.

«Бүткүл дүйнө күбө болгондой, акыры акыйкаттык орноду. Боордош Азербайжан Тоолуу Карабактагы оккупацияланган аймактарын бошотуу үчүн  мыйзамдуу күрөш баштап, ал жеңиш менен аяктады. Бул жеңишке бүткүл түрк дүйнөсү сыймыктанды.

Хожалыдагы азаптуу күндөрдүн элеси ар бир азербайжандык боордошубуздун жүрөгүнүн түпкүрүндө  жашаары шексиз. Түрк Кеңеши Хожалыда ишке ашкан геноциддин курмандыктарын сый-урмат менен эскерип, Азербайжан элине жана өкмөтүнө көңүл айтат. Түрк дүйнөсү катары Азербайжанга колдоо көрсөтүүнү улантабыз»,- деп жазылат билдирүүдө.

Жаңылыктар