31

Түрк кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев 31-мартта онлайн форматта өтө турган Түрк кеңешинин бейрасмий саммитин утурлай билдирүү жасады

Амреев: Түрк кеңеши Түрк дүйнөсүнүн бириккен мамлекеттерин түзүүнү максат кылат.

01 Nisan 2021 14:36

Эртең, 31-мартта Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин бейрасмий саммити онлайн форматта өтөт. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреевдин маалыматына караганда Түрк Кеңешинин бейрасмий саммити коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) жайылып жаткандыгына байланыштуу онлайн форматта өтүүдө. Онлайн форматта өтө турган саммит күз мезгилинде Стамбул шаарында өтө турган расмий саммитке даярдык ирээтинде өтөт. Саммитке Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандын лидерлери жана Түркмөнстандык жетекчилер катышышат. Ошондой эле Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышаарын билдирди.

Амреев баса белгилегендей Түрк кеңеши Түрк дүйнөсүнүн бириккен мамлекеттерин түзүүнү максат кылат.

Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин лидерлери Азербайжандын Карабактагы жеңишинен кийин биринчи жолу ушул саммитте жолугушат. Андыктан бул саммит өтө манилүү. Саммиттин жүрүшүндө лидерлер ортосунда Карабакты калыбына келтирүү жана өркүндөтүү жаатында пикир алмашуу болот.

Түркстан түрк дүйнөсүнүн руханий борборуна айланат

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин бейрасмий саммитинде сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Түркстанды Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору деп жарыялаган декларацияга кол коюу пландалууда.

Амреевдин айтымында түрк дүйнөсүндөгү Стамбул, Самарканд, Бухара, Шуша, Баку жана Алматы шаарлары келечекте өзгөчө макамга ээ болушу мүмкүн.

«Түрк Кеңешинин 2020-2025-жылдарына Стратегиясы» жана «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040» программасынын долбоору талкууланат

Амреевдин айтымында, эртең өтө турган бейрасмий саммитте Түрк кеңешинин 2020-2025-жылдарга карата стратегиясын жана «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040» программасынын долбоору талкууланат.

Амреев баса белгилегендей бул документтер жакынкы жыйырма жылдыкта кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын чагылдырган ТТМККнын өнүктүрүүнүн жол картасы.

Жыйында кеңешке мүчө мамлекеттер ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалат. Транспорт коридорун түзүү жана каттамдарды өнүктүрүүгө көңүл бурулат.

Амреев белгилегендей Түрк кеңеши экономика, саясат, илим, маданият, билим берүү, айлана-чөйрө, энергетика, транспорт, инвестиция, каржы, аскердик жана укуктук жаатта көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө аракет жумшайт.

Кызматташтыкты өнүктүрүүдө Түркиянын ролу

Амреев билдиргендей Түркия бул жылы Түрк кеңешине төрагалык кылуу милдетин Азербайжандан өткөрүп алат. Түркия кеңештин ишинин өнүгүшүнө ар дайым зор салым кошуп келген.

  

 




 

 

Жаңылыктар