Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча билдирүү жасады

Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууну дипломатиялык сүйлөшүүлөр жана кеңешүүлөр аркылуу жөнгө салуу зарылдыгын белгилеп, кырдаалды турукташтыруу үчүн тараптарды чара көрүүгө чакырды.

30 Nisan 2021 19:26

Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев кыргыз-тажик чек арасындагы суу бөлүштүрүүчү жайды көзөмөлдөөнүн айынан келип чыккан чатакка байланыштуу билдирүү жарыялады. Анда Амреев эки тарапты тең чоң жоготууларга учураткан кагылышуулар тууралуу маалыматты кайгыруу менен кабыл алганын билдирген.

Куралдуу кагылышууну токтотуу боюнча жетишилген макулдашууну кубаттаган.

Рамазан айында эки элди биримдикке чакырып,  пикир келишпестиктерди жоюуга басым жасаган.

«Учурдагы көйгөйлөр эки өлкөнүн ортосундагы коңшулук мамиленин негизинде дипломатиялык сүйлөшүүлөр жана кеңешүүлөр аркылуу гана чечилиши керек деп ишенебиз. Ушул алкакта Түрк Кеңеши өзгөчө кыргыз тараптын тынчтыкты калыбына келтирүүгө кошкон салымын баса белгилеп, тараптарды мындан ары да этият болууга жана чыңалууну күчөтө турчу кадамдардан алыс туруп учурдагы кырдаалды турукташтыруу үчүн биргелешкен чараларды көрүүгө чакырат. Түрк Кеңеши, уюмдун негиздөөчү мүчөсү болгон бир тууган Кыргызстан менен мындан ары да тыгыз байланышта болот», - деп жазылат билдирүүдө.

Anahtar Kelimeler: кыргыз-тажик чек арасы, Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев,

Жаңылыктар