Түрк кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо утуп чыккан Садыр Жапаровду куттуктады.

11 Ocak 2021 14:57

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо утуп чыккан Садыр Жапаровду куттуктады. Амреев түрк дүйнөсүнүн негизги бөлүгүнүн бири катары кыргыз элине тынчтык, биримдик, ынтымак, бейкутчулук каалады.

Амреев Садыр Жапаровду куттуктоо менен бирге түрк мамлекеттери менен салттуу байланышты чыңдап, келечекке ишенимдүү кадам таштаарына ишеним билдирди.

Жаңылыктар