Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев Шуша декларациясын кубаттады

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) Башкы катчысы Багдад Амреев Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев кол койгон Шуша Декларациясын кубаттады.

16 Haziran 2021 23:54

 

«Азербайжан менен Түркия ортосунда жетишилген Шуша Декларациясы эки өлкөнүн гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнүн кызыкчылыгына кызмат кылат». Бул тууралуу Түрк кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев билдирди.

Ал Эрдоган менен Алиев кол койгон  Шуша декларациясын «тарыхый документ» деп баалады. Декларацияда түрк дүйнөсүнүн тилектештигин чыңдоого багытталган көптөгөн жоболор  бар экендигин белгиледи.

Ал баса белгилегендей декларациядагы бир катар маселелер Түрк Кеңешинин алкагындагы кызматташуунун учурдагы багыттары менен окшоштуктарды түзөт.  Бул жагынан алганда, декларация Түрк кеңешинин алкагында жүзөгө ашырылып жаткан көп тараптуу кызматташтыктын ырааттуулугун тастыктайт.

Амреев Шуша декларациясы регионалдык тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө салым кошоорун баса белгиледи. 

Өз кезегинде Азербайжан менен Түркиянын саясий жана укуктук механизмдер аркылуу союздаштык мамилелерин өнүктүрүүгө болгон чечкиндүүлүгү Түрк кеңешине мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ортосундагы жана аймактагы ар тараптуу кызматташуу жараянын күчөтөөрүнө ишеним артты.

Anahtar Kelimeler: Шуша декларациясы,

Жаңылыктар