Түрк мамлекеттер уюму дагы бир жолу Казакстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди

Түрк мамлекеттер уюму Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин элдин жыргалчылыгын арттыра турган реформа убадасын колдоорун билдирди.

11 Ocak 2022 13:58

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 11-январда Казакстандагы кырдаалды талкуулоо үчүн чукул жыйынга чогулушту. Онлайн форматта өткөн жыйын Казакстандагы окуялар учурунда каза болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.

Тышкы иштер министрлери Казакстандагы кырдаалды талкуулап, өз ара пикир алмашты. Жыйын жыйынтыгына биргелешкен билдирүү жарыялашты.

Алгач, Казакстандагы окуялар учурунда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жарадар болгондордун тез сакайып кетишине тилектештик билдиришти.

Боордош Казакстан мамлекетине жана элине чечкиндүү колдоо көрсөтөөрүн баса белгилешип, тилектештигин ырасташты.

Билдирүүдө Казакстандын тынчтыгы менен стабилдүүлүгүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Жарандардын өмүрүнө коркунуч келтирген, коомдук тартипти бузган жана мүлккө зыян келтирген зордук-зомбулук жана кыйратуучу аракеттер айыпталды.

Казак бийлигинин коомдук тартипти тез арада калыбына келтирүү дараметине ишеним билдиришти.

Өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү бузууга багытталган террористтерге, экстремисттерге жана кылмышкерлерге каршы операцияларда Казакстанга колдоо көрсөтүлөөрү баса белгиленди.

Түрк мамлекеттер уюму дагы бир жолу Казакстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин элдин жыргалчылыгын арттыра турган реформа убадасын колдоорун билдирди.

Түрк мамлекеттер уюму

Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн лидерлери Стамбул шаарындагы саммиттин жыйынтыгы боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүү чечимин кабыл алышкан.

Чечим Уюмдун макамын жогорулатуу максатында, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши түзүлгөндөн бери жетишилген прогрессти эске алуу менен кабыл алынган.

Муну менен Түрк кеңешинин мамлекет башчылары мүчө мамлекеттердин ортосунда көп тараптуу форматта макулдашылган иш-аракеттерди камсыз кылууда жана регионалдык жана эл аралык аренада алардын кызыкчылыктарын андан ары илгерилетүүдө Уюмдун ролун жогорулатууга өзүнүн умтулуусун белгилешет.

Жаңы аталыштын берилиши Уюмдун эл аралык аренада позициясын бекемдөөгө жана анын ишмердүүлүгүнүн кеңейүүсүгө дем берүүгө оң таасир этери күтүлүүдө.

Түрк кеңешинин негизделиши

1991-жылы СССРдин ыдырашы менен түрк тилдүү мамлекеттердин мамлекет башчыларынын саммити өтө баштаган. 3 октябрь 2009 жылы Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан Нахичеван келишимине кол коюшкан.

2010-жылдын 15-16-сентябрында Стамбулда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын 10-саммити өтүп,  расмий түрдө «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши» же кыскача «Түрк Кеңеши» түзүлгөнү жарыяланган.

Кеңеш улам кеңейип, ага мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктү.

Заманбап түрк тилдүү мамлекеттердин башын бириктирген эл аралык уюмдун негизги максаты — кеңешке мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.

Катчылыгы Стамбулда жайгашкан, башкатчысы — Багдад Амреев. 

Түрк кеңешинин 2011-жылдагы саммити Алматыда өткөн. «Экономикалык жана коммерциялык кызматташтык» темасы менен өткөн саммитте «Түрк ишкерлер кеңеши» түзүлгөн.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Саммити 12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарына жакын жердеги демократия жана эркиндик аралында президент Режеп Таййип Эрдогандын төгаралыгы алдында «Жашыл технологиялар жана санариптик доордо акылдуу шаарлар» темасы менен өттү.  Анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмдун төрагалыгы Азербайжандан Түркияга өттү.

Саммиттин эң маанилүү чечими Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин аталышын өзгөртүү жана Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) макамын жогорулатуу болду. 

Казакстандын туңгуч Президенти, урматтуу Нурсултан Абишевич Назарбаевдин демилгеси менен даярдалган «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» стратегиялык документи кабыл алынды.

Түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү болгон боордош Түркмөнстан Түрк кеңешине байкоочу мамлекет болуп кирди. Саммитке биринчи жолу Түркмөнстандын президенти Г. Бердымухаммедов катышты.

 

Anahtar Kelimeler: Казакстан, Түрк мамлекеттер уюму,

Жаңылыктар