Түрк мамлекеттер уюму Казакстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди

Түрк мамлекеттер уюмунун катчылыгы ага мүчө өлкөлөрдүн атынан Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу билдирүү таратып, бул өлкөдө “тынчтык жана туруктуулук маанилүү экенин” маалымдады.

07 Ocak 2022 09:19

Түрк мамлекеттер уюмунун катчылыгы ага мүчө өлкөлөрдүн атынан Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу билдирүү таратып, бул өлкөдө “тынчтык жана туруктуулук маанилүү экенин” маалымдады.

“Биз казак элинин даанышмандыгына ишенебиз жана жай турмушка кайтып келишине тилектештик билдиребиз. Биз Казакстандын бийлиги чыңалууну жайгарып, коомдук тартипти жана тынчтыкты камсыздоого мүмкүнчүлүгү жетет деп эсептейбиз”,-деп айтылат анда.

Кайрылууда ошондой эле окуяда каза болгондордун жакындарына көңүл айтуу менен уюмга мүчө ар бир өлкө Казакстанга жардам колун сунууга даяр экендиги маалымдалат.

Жаңылыктар