Түрк мамлекеттер уюму Кыргызстан менен Тажикстанды диалогго чакырды

Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Багдад Амреев кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу билдирүү жасап, кырдаалдын курчуп кетишине жол бербөө үчүн абалды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

28 Ocak 2022 17:58

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) башкы катчысы Багдад Амреев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады. 

Багдад Амреевдин билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

"Биз кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга терең тынчсыздануубузду билдиребиз жана куралдуу кагылышууларды токтоосуз токтотууга, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу абалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга жана турукташтырууга чакырабыз.

Түрк түлдүү мамлекеттердин уюму карапайым калкка аскердик куралдын колдонулушун айыптайт жана эки коңшу өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы чыңалуунун мындан ары күчөшүнө жол бербөө үчүн зарыл чараларды көрүүгө чакырат.

Биз Кыргызстандын кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдойбуз жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө, урматтоого, ынак коңшулукка жана жанаша жашоого негизделген диалогду кубаттайбыз.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тарап тең алдыда өз ара ишенимди чыңдоого жана чыр-чатактарды болтурбоо үчүн зарыл кадамдарды жасайт деп ишенебиз".

Anahtar Kelimeler: Кыргыз-тажик чек арасы, ТТМКК, , Амреев,

Жаңылыктар