Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттер билим берүү тармагында кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттер мугалим алмашуу программасын ишке ашырууда. Уюмга мүчө мамлекеттердеги билим берүү тармагынын өкүлдөрү "Мугалимдерди алмашуу программасынын" алкагында 6-12-июнда Анкара жана Стамбул шаарларында окутуудан өтүшөт.

31 Mart 2022 12:21

Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министри Махмут Өзердин маалымдашынча Түрк мамлекеттер уюму  билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө. Аталган уюмга мүчө Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия менен катар уюмга байкоочу өлкө болгон Венгрия жанаТүркмөнстан "Мугалимдерди алмашуу программасын" ишке ашырууда. 

Анын айтымында Түрк кеңешинин Стамбул шаарында өткөн 8-саммитинин алдында, кеңешке мүчө мамлекеттердин Билим берүү министрлеринин 6-жыйыны болуп өткөн. Стамбул шаарында 3-4-ноябарда өткөн Билим берүү министрлеринин жыйынында, 2022-жылы, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттер ортосунда "Мугалимдерди алмашуу программасын" ишке ашыруу чечими кабыл алынган. 

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттер ортосунда "Мугалимдерди алмашуу программасы" алгач Түркияда өтө турган болду. Анын алкагында, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Венгрия жанаТүркмөнстандык мугалимдер 6-12-июнда, Стамбул жана Анкара шаарларында атайын окутуудан өтүшөт. 

Иш-чара мугалимдер ортосунда өз ара тажрыйба алмашуу максатын көздөйт. Ошондой эле түрк мамлекеттеринин ортосундагы өз ара ишенимди, достукту жана коңшулаш мамилени чыңдоо, социалдык жана маданий өнүгүүнү арттыруу, билим берүү, маданият, илим жана технология тармагындагы кызматташтыкты стимулдаштыруу, өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү максаттайт. Мындан сырткары билим берүү кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатын көздөйт. 

Программанын жүрүшүндө мугалимдер окутуу ыкмалары, өлчөө жана баалоодогу жаңы ыкмалар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 

 

Anahtar Kelimeler: Түрк мамлеттер уюму,

Жаңылыктар