Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстанга келди

Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстандын борбору Бишкекке келди.

22 Mart 2022 13:11

Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым жетектеген топ Кыргызстанга келди. Алгач, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, андан соң  Транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, тараптар ТМУ жана эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын алкагында кызматташуунун кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле ТМУ жана кыргыз-түрк өнүктүрүү фонду үчүн инвестициялык фондду түзүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода жүгүртүүнүн динамикасын жогорулатуу, соода тоскоолдуктарын жөнөкөйлөтүү боюнча биргелешип иш алып баруу, электрондук коммерцияда кызматташууну өнүктүрүү боюнча максаттарды коюшту.

Транспорт жана коммуникация тармагын өнүктүрүүнү максат кылабыз

Түрк мамлекеттери уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Түркия парламентинин экс-спикери, Түркиянын Адилеттик жана өнүгүү башкаруучу партиясынын орун басары Бинали Йылдырым андан соң Транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев менен жолугушту.

Бинали Йылдырым, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы карым-катнаштарды өнүктүрүүгө басым жасады. Ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы транспорт жана коммуникация тармагын  өнүктүрүү максатталып жатканын баса  белгиледи.

Чыгыш-батыш соодасын өнүктүрүү жаатында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол линиясы абдан маанилүү жана пайдалуу экендигин баса белгиледи.

Бинали Йылдырым Кыргызстандагы иш-сапары алкагында Кыргыз-Түрк "Манас" университетине барат. Ошондой эле өлкө президенти Садыр Жапаров жана парламенттин төрагасы Талант Мамытов аны кабыл алаары күтүлүүдө. 

 

Anahtar Kelimeler: Йылдырым, Кыргызстан, Түркия,

Жаңылыктар