Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстандагы ахыскалык түрктөр менен жолугушту

АК партиянын төрага орун басары, Түрк мамлекеттери уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым: Түркия ар дайым Ахыска түрктөрүнө колдоо көрсөтөт.

23 Mart 2022 11:17

Кыргызстанда расмий иш сапары менен жүргөн Бинали Йылдырым Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин жыйындар залында  Ахыска түрктөр коомунун башкаруу кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.

Жолугушууга Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, ТИКАнын Бишкек программасынын координатору Осман Уста, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин (КТМУ) ректору проф. докт. Алпаслан Жейлан, «Маариф» фондунун Кыргызстандагы өкүлү Хүснү Биржан, ишкерлер, маданият, тилектештик жана достук коомунун (TÜKİD) төрагасы Шевки Сарылар, Түркиянын Кыргызстандагы билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү жана элчиликтин кызматкерлери катышты.

Түркия ар дайым ахыскалык түрктөргө колдоо көрсөтөт

Биналы Йылдырым "Түркия ар дайым Ахыска түрктөргө колдоо көрсөтөт.  Силердин маселелериңерге кам көрөт жана аны жөнгө салуу үчүн болгон аракетин жумшайт",- деп билдирди.

Өз кезегинде билимге маани жасап, "жогорку билимдүү түрк жаштарынын мамлекеттик тармакта да, жеке сектордо да маанилүү милдеттерди аркалап жатканы бизди кубандырат",-деди.

Ошондой эле 78 жыл мурунку сүргүн эч качан унутулбарын баса белгиледи.

"Бири-бирибизди жакшыраак түшүнүүгө аракет кылуудабыз"

Бинали Йылдырым Түрк мамлекеттер уюмуна быйыл Түркия төрагалык кылып жатканын эске салып, " Биз аймакты биргелешип өнүктүрүүгө аракет кылып, элдин жыргалчылыгы үчүн кызмат көрсөтүп,  бири-бирибизди жакшыраак түшүнүүгө умтулабыз",- деди. 

Өз кезегинде пандемия маалында Түркия 156 өлкөгө жардам көрсөткөнүн эске салды. 

Дурсунов Түркияга ыраазычылык билдирди

Кыргызстандагы Ахыска түрктөр коомунун президенти Атамша Дурсунов  билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Кыргызстан менен Түркия ортосундагы боордоштук жана достук көпүрөнү бекемдөөгө аракет кылып жатышканын айтты.

 

Anahtar Kelimeler: Ахыска түрктөрү, Кыргызстан, Йылдырым,

Жаңылыктар