Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Амреев: Казакстандын стабилдүүлүгү –  түрк дүйнөсүнүн бакубаттуулугунун ажырагыс бөлүгү

Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Багдад Амреев Казакстандын стабилдүүлүгү –  түрк дүйнөсүнүн бакубаттуулугунун ажырагыс бөлүгү экендигин белгиледи.

11 Ocak 2022 17:29

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 11-январда Казакстандагы кырдаалды талкуулоо үчүн чукул жыйынга чогулушту. Онлайн форматта өткөн жыйынга катышкан Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Багдад Амреев Казакстандагы окуяларга жакындан көз салып турганын айтты. Ошондой эле Түрк мамлкеттер уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн ортосундагы координацияны камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатканын билдирди. Өз кезегинде Казакстандын тынчтыгы менен стабилдүүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Казак бийлиги коомдук тартипти тез арада калыбына келтирээрине ишеним билдирди.

Амреев Казакстан түрк дүйнөсү үчүн манилүү өлкө экенин баса белгилеп, «Казакстандын стабилдүүлүгү –  түрк дүйнөсүнүн бакубаттуулугунун ажырагыс бөлүгү»,-деди.

«Казакстандын эгемендүүлү жана көз карандысыздыгына коркунуч туулду. Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кыйратуучу аракеттерди токтотуу; тартип жана мыйзамды бузгандарга карата зарыл чараларды көрүү үчүн, катуу, бирок түшүнүктүү чечимдерди кабыл алууга аргасыз болду. Ошондуктан, казак бийлигине колдоо көрсөтүп, Казакстандын мыйзамдуу жетекчилигин бир тараптуу колдошубуз керек»,-деди ал.

Амреев: «Казакстандагы акыркы окуялар түрк дүйнөсүндөгү коопсуздук кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанисин дагы бир жолу ачыкка чыгарды. Катчылык катары уюмга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн аракеттерин координациялоого даярбыз»-деп белгиледи.

Өз кезегинде, Казакстандагы окуялар учурунда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жарадар болгондордун тез сакайып кетишине тилектештигин билдирди.

 

Anahtar Kelimeler: Амреев, Казакстан,

Жаңылыктар