Түрк мамлекеттери космос тармагында кызматташат

Азербайжанда Түрк мамлекеттер уюмуна (TМУ) мүчө жана байкоочу мамлекеттердин космостук агенттиктеринин 1-жыйыны өттү.

20 Aralık 2021 13:42

Азербайжандын борбору Баку шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (TМУ) мүчө жана байкоочу мамлекеттердин космостук агенттиктеринин алгачкы жыйыны өттү. Азербайжандын Азеркомос агенттиги уюштурган иш-чарага Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриялык өкүлдөр катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ар бир мамлекет өзүнүн космостук долбоорлору боюнча баяндама жасап, бул жааттагы кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында биргелешкен ишмердүүлүк багыттарын аныктоо боюнча талкуулар жүрдү.

Жыйынга Түркиянын атынан катышкан Түрк Космос агенттигинин  башчысы Сердар Хүсейин Йылдырым, жыйында тарыхый кадамдар ташталганын белгиледи. Ал космостун мааниси күн өткөн сайын тереңдеп бара жатканын эске салды.

«Элдерибиздин укуктарын коргоо жана бүткүл адамзатка кызмат кылуу үчүн космос тармагы да күчтүү болууга тийиш. Биздин космостогу максатыбыз тынчтыкка кызмат кылуу»,- деди ал.

Ал эми Азеркосмос агенттигинин президенти Самеддин Асадов, жыйын алкагында түрк мамлекеттериндеги космостук изилдөөлөр тууралуу кеңири маалымат алуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөнүн билдирди. Өз кезегинде түрк мамлекеттерин космостук изилдөөлөрдү биргелеше жүргүзүүгө чакырды.

Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов ТМУга мүчө мамлекеттер космостук тармакта ири мүмкүнчүлүккө ээ экенин баса белгилеп, бул мүмкүнчүлүктөрдү биргелеше колдонууга чакырды.

 

 

Anahtar Kelimeler: Түрк мамлекеттер уюму, космос,

Жаңылыктар