Түрк мамлекеттери социалдык камсыздандыруу тармагында кызматташат

Түркия, Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын камсыздандыруу мекемелеринин жетекчилеринин жолугушуусу өттү.

24 Mayıs 2022 19:38

Түркиянын камсыздандыруу биримдигинин демилгеси менен "эл аралык камсыздандыруу" жыйыны болуп өттү. Жыйын алкагында тараптар «Аймактык камсыздандыруу кеңешин» түзүү боюнча макулдашууга жетишишти.

Кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн Түркиянын камсыздандыруу биримдигинин жетекчиси Атилла Бенли жаңы жетишилген макулдашуу түрк дүйнөсүнүн ортосундагы биримдикти жана ынтымакты чыңдоого ири салым кошоорун баса белгиледи.

"Бүгүн кол коюлган меморандум түрк мамлекеттериндеги камсыздандыруу жана пенсиялык секторлордун өнүгүшүнө салым кошуп, камсыздандыруу практикасын өнүктүрүүнү колдоо, техникалык жана инфраструктуралык билим жана тажрыйба алмашуу үчүн тийиштүү аянтчаны камсыздайт. Мындан ары Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын камсыздандыруу бирикмелери менен тажрыйбабызды жана билимибизди бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган болдук",-деди ал.

Тийиштүү документке Түркиянын камсыздандыруу биримдигинин жетекчиси Атилла Бенли, Азербайжандын Камсыздандыруу Ассоциациясынын Президенти Эльмар Мирсалаев, Казакстандын Камсыздандыруучулар Ассоциациясынын Президенти Виталий Веревкин, Кыргызстандын Камсыздандыруу Ассоциациясынын Президенти Сабырбек Молдокулов Айдарканович жана Өзбекстандын Камсыздандыруу рыногунун Кесиптик Катышуучулар Ассоциациясынын Президенти Ойбек Халилов кол койду.

Жаңылыктар