Түрк мамлекеттеринин Мамлекеттик Тууларындагы белгилер

Мамлекеттик Туу-улуттун байлыгы. Түрк элдеринде туу жөнүндө түшүнүк байыртадан эле белгилүү болгон. Туу бийик жерге илинип, элди чогултуу белгисин билдирген. Ар бир туу өзүнө белгилерди камтыйт.

31 Aralık 2021 20:13

Мамлекеттик туу – мамлекеттин негизги символдорунун бири, анын расмий айырмалоочу белгиси, эмблемасы; мамлекеттин эгемендүүлүгүн көрсөтөт. Ошол өлкөнүн коомдук-саясий жана мамлекеттик түзүлүшүн чагылыдырышы мүмкүн. Мамлекеттик туунун баяндалышы конституция же атайын мыйзам менен аныкталат.

ТҮРКИЯ

Түркия Республикасынын желеги жарым ай жана беш бурчтуу жылдыздын сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган.

Түркия Республикасынын мамлекеттик желеги 1936-жылдын 29-майында бекитилген.

Түрк желегиндеги кызыл түс боштондук согушунда мамлекеттин келечеги үчүн курман болгон аскерлердин канын түшүндүрсө, ай жана жылдыз эркиндиктин символу.

АЗЕРБАЙЖАН

Азербайжан өлкөсү 28-май 1918-жылы алгачкы жолу эгемендүүлүккө жетишип, Мехмет Эмин Расулзаденин  лидерлигинде, Азербайжан Элдик Демоктариялык Республикасы түзүлгөн. Жаңы түзүлгөн өкмөт 1918-жылдын 9-ноябрында, 3 түстүү Азербайжан желегин Мамлекеттик Туу катары кабыл алган. Бирок, Азербайжан Элдик Демократиялык Республикасы өз эгемендүүлүгүн көпкө сактай алган эмес. Өлкө 1918-жылдан көп өтпөй, Советтер Союзунун курамына кирген. Ал эми 1991-жылы Совет өкмөтү кулап, Азербайжан экинчи жолу эгемендүүлүгүн жарыялаганда, 3 түстүү желек, кайрадан, Республиканын Мамлекеттик Туусу болуп кабыл алынган. 2009-жылы Прзидент Илхам Алиевдин жарлыгы менен, 9-ноябрь Мамлекеттик Туу күнү деп жарыяланган.

Мамлекеттик Туу-Азербайжан Республикасынын эң маанилүү улуттук символу. Ал көк, кызыл жана ачык жашыл түстөгү үч горизонталдуу тилкеден турат. Кызыл тилкенин ортосунда «жарым ай» жана «сегиз бурчтуу жылдыз» бар.

Желектеги көк түс-түрктөрдү, кызыл түс-цивилизацияны, ал эми жашыл түс-ислам динин  түшүндүрөт. Кызыл түстүн үстүнө түшүрүлгөн «жарым ай»  жана «сегиз бурчтуу жылдыз» түрк тилдүү урууларды символдоштурат.

КАЗАКСТАН

Казакстан желегине ачык көк түс басымдуулук кылат. Ачык көк түс элдин маданий-этникалык биримдигинин жана мамлекеттин бөлүнбөстүгүнүн символу.  Туунун борбордук бөлүгүнө 32 нурлуу алтын күн түшүрүлгөн. Ал тынчтыкты жана молчулукту түшүндүрөт.

Жыгач тутка жагында улуттук оюм-чийим менен саймаланган тик тилкеге орун берилген.  Ал эми бүркүттүн элеси мамлекеттик бийликтин, кеңдиктин, кыраакылыктын символу.

КЫРГЫЗСТАН

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик  Туусу кызыл түстө. Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдик,тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.Түндүк өлкө калкынын биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.

Авторлору:  Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек  Сыдыков.

Туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

ТҮНДҮК КИПР ТҮРК РЕСПУБЛИКАСЫ

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын желеги ортосуна ай, жылдыздын сүрөтү түшүрүлгөн, үстүңкү жана астыңкы бөлүгү кызыл түстүү келген тик бурчтуу ак кездемеден жасалган. Ай жана жылдыз түрктөрдүн символу. Үстүндөгү кызыл лента Түркияны, астындагы кызыл лента Түндүк Кипр Түрк Республикасын түшүндүрөт.

ӨЗБЕКСТАН

Өзбекстандын Мамлекеттик Туусунун символикалык мааниси боюнча көптөгөн теориялар айтылып келет. Биринчи теорияда 12 жылдыз Өзбекстандын 12 облусунун символу. Көк түс-түрктөрдү, ак түс-адилеттүүлүктү, жашыл түс-меймандостукту билдирет. Эки ичке кызыл сызык «күчтүү болууну»; жарым ай «жаңыланууну» түшүндүрөт.

Ал эми экинчи теорияда, 12 жылдыз-12 айды же зодиак белгилеринин символу. Жарым ай-исламды; ак түс өлкөнүн негизги символу болгон пахтаны түшүндүрөт.

Дагы бир теорияда, көк түс-сууну, ак түс-тынчтыкты, жашыл түс-жаратылышты; ал эми кызыл тилкелер жашоо күчүн билдирет.

ТҮРКМӨНСТАН

Түркмөнстан Республикасынын Мамлекеттик Туусу чет жагында түркмөн килемдеринин мотивдери, 5 жылдыз жана жарым айдын  сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу жашыл кездемеден жасалган. Түркмөн килеми жана жашыл түс түркмөн тарыхынын символу. Жарым ай-келечектин, беш жылдыз-түркмөн облустарынын символу. Ал эми килемдеги мотивдер түркмөн урууларынын биримдигин айгинелейт.

Anahtar Kelimeler: Мамлекеттик Туу,

Жаңылыктар