Түрк тарыхынын алгачкы издери кездешкен Саймалуу-Таш

Саймалуу-Таш  – Ачык асман алдындагы табигый  галерея. Ал түрк тарыхында манилүү роль ойнойт.

11 Haziran 2021 23:54

Кыргыз жеринде ары сырдуу, ары кызыктуу тарыхый жайлар көп. Алардын бири сыры алигиче толук ачыла элек Саймалуу-Таш петроглифтер галереясы.

Саймалуу-Ташта Теңир-Тоо аймагында жашаган байыркы бабалардын дүйнө таанымын, жашоо образын, тиричилигин, маданиятын чагылдырган дүйнө жүзүндөгү теңдешсиз сүрөт галерeясы жайгашкан. Петроглифдерде (таш китептерде) баяндалган маалыматтар  нечендеген кылымдардан бери толугу менен сакталган.

Саймалуу-Таш петроглифтери 3000-3200 метр бийиктеги Фергана тоо кыркаларында ачык асман алдында жайгашкан.

Окумуштуулардын айтымында, ачык асман алдындагы бул ажайып жерде ташка чегилген 10 миңден ашык сүрөт бар.

Окумуштуулардын айтымында таш бетине түшүрүлгөн элестер 10 миң жыл мурун түшүрүлгөн.

Ачык асман алдында жаткан жүзөдөгөн таштардын бетине түшүрүлгөн айрым белгилерди түшүнүү кыйын. Бирок жан-жаныбарлардын (ат, кийик, карышкыр ж.б.), адамдардын сөлөкөттөрү жана башка символдор түрк тилдүү элдердин ошол кездеги жашоо тиричилигин, маданиятын, коомго, жаратышылышка болгон түшүнүктөрүн чагылдырат.

 

Anahtar Kelimeler: Саймалуу-Таш, петроглифтер галереясы., Кыргызстан,

Жаңылыктар