30

Түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата чыгармачыл топтор онлайн форматта концерт тартуулады.

Түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата чыгармачыл топтор онлайн форматта концерт тартуулады. Иш-чараны ТҮРКСОЙ жана Түркмөнстандын Маданият министрлиги биргелеше уюштурган.

26 Şubat 2021 22:29

Түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата чыгармачыл топтор онлайн форматта концерт тартуулады. Иш-чараны ТҮРКСОЙ жана Түркмөнстандын Маданият министрлиги биргелеше уюштурган. Бул туралуу  ТҮРКСОЙ эл аралык уюму билдирди.

Концерт Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан, Татарстан (Россия), Башкыртсан (Россия) жана Гагаузиялык (Модовия) 250дөн ашык өнөрпоздун катышуусунда өттү.

Онлайн концерттин ачылышын Түркмөнстандын Маданият министри Атагелди Шамуратов жана ТҮРКСОЙдун Баш катчысы Дюсен Касейнов жасады.

Касеинов ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөр берген дем менен маданий жана көркөм чыгармчылыкты бекемдөөгө багытталган бир катар долбоорлор ишке ашырылганын баса белгиледи. Бүгүнкү концерт Азербайжан, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан жана Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына уюштурулган биринчи концерт экендигин айтты. Мындай манилүү иш-чараны уюштуруу өзүнчө зор бакыт жана кубаныч экендигин билдирди.

Иш-чара алкагында түрк тилдүү өлкөлөрдүн фольклордук чыгармалары, салттуу музыкасы жаңырып, элдик композиторлордун чыгармалары аткарылды.

Азербайжан Мамлекеттик Элдик аспаптар оркестри, Карагандыдагы Таттимбет атындагы Казак академиялык Элдик аспаптар оркестри, Нур-Султан Мамлекеттик академиялык филармониясынын алдындагы Казак элдик аспаптар оркестри, "Коркут" этно-фольклордук ансамбли, Кыргыз Элдик аспаптар оркестри  «Акак» Комузчулар ансамбли, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы түрк дүйнөсүнүн музыкалык ансамбли, Түркмөнстан Элдик аспаптар оркестри, Өзбекстан мамлекеттик филармониясынын академиялык элдикаспаптар оркестри, Татарстан Мамлекеттик бий жана музыка ансамбли, Башкырстан улуттук элдик аспаптар оркестри жана "Дүз ава" атындагы Гагауз музыкалык-бий топтору өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Жаңылыктар