Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын Координациялык комитетинин жыйыны өттү

Жыйында Түрк кызматташтык уюмдарынын башчылары жакынкы мезгилге пландаштырылган программаларынын негизинде координацияны жакшыртуунун жолдорун талкуулашты жана 2020-2021-жылдардын аралыгында уюштурула турган биргелешкен иш-чаралар жөнүндө өз ара пикир алышты.

24 Eylül 2020 23:10

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын Координациялык комитетинин жыйыны өттү.

Түрк кеңешинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйын Түрк кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреевдин төрагалыгы астында өткөн.

Жыйынга Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов, Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Дүйсен Касеинов, Түрк Академиясынын президенти Дархан Кыдыралиев жана Түрк тилдүү элдердин маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Афандиева катышты.

Түрк кеңешинин башкы катчысы жыйында сүйлөгөн сөзүндө акыркы эки жылда Түрк кеңеши өзүнүн тарыхындагы эң иштиктүү жана жемиштүү иштердин турмушка ашкандыгын өзгөчө белгиледи. Ошондой эле ал Түрк дүйнөсүнүн алкагындагы кызматташтыкты ар тараптуу кеңейтүү, жайылтуу максатында Түрк кызматташтык уюмдарынын ортосундагы жаңычыл көз караштарды, аракеттерди, өз ара алакаларды жакшы жолго коюну баса белгилеп өттү. Аны менен катар эле тыгыз, бекем байланышта иш-чараларды өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк бар экендигин жана бул уюмдардын ишмердүүлүгүн натыйжалуулугу мыкты алака-катыштын, эриш-аркак иштөөнүн жана биргелешкен, түрк дүйнөсүнүн кызыкчылыгына жооп берген максаттуу пландаштыруу болгондо гана ийгилик камсыздаларын кошумчалады.

Башкы катчы бул жолугушуу оң натыйжаларды берерине ишенерин, бири-бирин кайталаган иш аракеттерди кыскартуу, макулдашылган иштиктүү аракеттерге өтүү үчүн Түрк кызматташтык уюмдарынын ортосундагы карым-катыш, бекем байланыш орток кызматташуунун кээ бир негиздери боюнча жалпы жана конкреттүү көз карашты түзүү, чечүү максатында Координациялык комитеттин өзгөчө мааниге ээ экендигине жана чоң ролду ойноруна жыйын катышуучуларынын көңүлүн бурду.

Координациялык комитеттин мүчөлөрү Түрк кызматташтык уюмдары иштеп жаткан негизги багыттарын аныкташты жана ар бир уюм өзү алып бара жаткан иштин натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн негизги принциптерди кабыл алды. Жыйында мүчөлөр тарабынан берилген сунуштардын негизинде 2020-2021-жылдар аралыгында Түрк кызматташтык уюмдарынын жылдык жол картасы даярдала тургандыгы белгиленди.

 

Жаңылыктар