Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин медиа боюнча жумушчу тобунун кезектеги жыйыны Азербайжанда өттү

Азербайжандын Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин медиа боюнча жумушчу тобунун 8-отуруму өттү.

09 Nisan 2021 14:18

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин медиа жана массалык маалымат каражаттар жаатындагы өкүлдөрүнүн кезектеги жыйыны Азербайжанда өттү.

Түрк Кеңешинин Баш катчысынын орун басары Гисмет Гөзелов төрагалык кылган жыйынга Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Венгриялык өкүлдөр катышышты.

Жыйынга Түркия Республикасынын атынан Президенттик аппараттын Байланыш бөлүмүнүн Коомдук дипломатия боюнча башкармалыгынын төрагасы Омар Фарук Танриверди, Тышкы иштер министрлигинин Басма-сөз кызматынын төрагасынын орун басары Айча Өзлем Сарытекин, Түркия Республикасынын Азербайжандагы элчилисинин пресс-кеңешчиси Хусейн Алтынал, ТРТнын Азербайжандагы өкүлү Мурат Аккоч жана Анадолу Агентигинин Азия Кавказия аймагы боюнча башкы редактору Толга Өзгенч катышты.

Жыйында Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин маалымат жана медиа жаатында кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар талкууланды.

Түрк Кеңешинин Баш катчысынын орун басары Гисмет Гөзелов Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер ортосундагы экономикалык, саламаттык, туризм, билим берүү, энергетика, транспорт, тарых жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл экендигин баса белгиледи. Түрк элдеринин ортосундагы байланышты чыңдоодо жана өнүктүрүүдө медиа жана маалымат тармагы өзгөчө орунга ээ экендигин айтты.  Мындан улам Түрк кеңешине мүчө мамлекеттер ортосундагы медиа байланышты өркүндөтүү, аны жаңылап туруу зарыл экендигин баса белгиледи.

Ал эми Түркия Республикасынын Президенттик аппаратынын Байланыш бөлүмүнүн Коомдук дипломатия боюнча башкармалыгынын төрагасы Омар Фарук Танриверди буга чейин аткарылган иш-аракеттерди кубаттап, алдыда конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу зарыл экендигин баса белгиледи.

«Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо максатында уюштурулган жыйындардын үзгүлтүксүз өтүп жатышын кубаттайбыз. Конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу чоң мааниге ээ. Түрк дүйнөсүнүн баалуулуктарын бүткүл дүйнөгө тааныткан орток долбоорлорду ишке ашыруу зарыл. Алдыда түрк дүйнөсүнө байланыштуу даректүү тасмаларга жана телекөрсөтүүлөргө көбүрөөк көңүл бурсак дейм»,-деди ал.

Өз кезегинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы ТРТ Аваз каналынын өзгөчө ордун баса белгиледи.

Түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата эл аралык медиафорум өткөрүүнү сунуштады.

Түрк кеңешинин маалымат жана массалык маалымат каражаттар жаатындагы министрлердин, жогорку өкүлдөрдүн 3-жыйыны эртең Бакуда өтөт.

Anahtar Kelimeler: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши, медиа жана массалык маалымат каражаттар,

Жаңылыктар