Түрк тилдүү мамлекеттердин маалымат министрлеринин кезектеги жыйыны Азербайжанда өтүүдө

Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин маалымат министрлеринин 3-жыйыны өтүп жатат.

12 Nisan 2021 14:08

Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин маалымат министрлеринин  3-жыйынына Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Венгриялык  өкүлдөр катышууда.

Жыйынга Түркиялык делегацияны Президенттик аппараттын Байланыш бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун жетектеп барды. Делегациянын курамында Түркия Республикасынын Азербайжандагы элчилиси Эркан Өзорал жана Анадолу Агентигинин башкы директору Сердар Карагөз да бар.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Өзбекстан Республикасынын Президентик аппаратынын алдындагы Маалымат жана байланыш агенттигинин президенти Асаджон Ходжаев, Казакстан Республикасынын Маалымат жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Асхат Оралов жана Венгриянын Коопсуздук саясаты боюнча мамлекеттик катчысы Питер Шзтарай катышып жатат.

Жыйында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешине мүчө болгон мамлекеттердин маалымат жана медиа жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына толуктоолорду киргизип, аны кайра жаңылап иштеп чыгуу каралган.

Мындан сырткары, жыйында Түрк тилдүү өлкөлөр ортосунда маданий, тарыхый, спорттук иш- чараларды кеңири жайылтуу максатында маалымат алмашууну кеңейтүү, тарыхый жана маданий көркөм тасмаларды, сериалдарды жана даректүү тасмаларды тартуу, эл аралык жаңылыктар каналын түзүү жана медиа курулуштардын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү сыяктуу маселелер талкууланып жатат.

Anahtar Kelimeler: Түрк тилдүү мамлекеттер, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Венгрия, Түркия,

Жаңылыктар