ttomer

Түрк тилин үйрөтүү борбору (TTÖMER) – Кыргызстан менен Түркия ортосундагы көпүрө

Түрк тилин үйрөтүү борбору Кыргызстан менен Түркия ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө салым кошо турган жаштарды тарбиялап өстүрүүдө.

27 Mayıs 2021 23:18

 

Түрк тилин үйрөтүү борбору 1996-жылдан бери курстарды уюштуруп, Кыргызстандыктарга түрк тилин үйрөтүп келет. Борбор акыркы технология менен жабдылып,  анда тажрыйбалуу кызматкерлер иштейт.

Борбордун филиалдары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларында, ошондой эле өлкөнүн престиждүү университеттеринин алдында ТИКАнын демилгеси менен түзүлгөн Түрк тили жана маданияты борборлорунда орун алып, калоочуларга акысыз курстар өткөрүлөт.

Аталган борборлордо көбүнесе Түркияда билим алууну, адистигин жогорулатууну, түрк тили боюнча билимин өркүндөтүүнү жана Бишкектеги түрк компанияларында жумуш таабууну каалаган жаштар билим алышат. Аталган борбордон билим алган жаштар Кыргызстан менен Түркия ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө ири салым кошушат.

Курсанттар ошол эле учурда түрк маданиятын, адабиятын, ашканасын таанып билүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

«Биздин максат эки бир тууган эл ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо»

Түрк тилин үйрөтүү борборунун директору Ахмет Гөзүбол баса белгилегендей, Кыргызстанда түрк тилин үйрөнүүгө кызыккандардын саны арбын. Өлкөдө түрк тилин үйрөтүүгө Түркия жана Кыргызстандын Улуттук билим берүү министрликтери жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги колдоо көрсөтүп келет. Борбордун негизги максаты эки бир тууган эл ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо.

Anahtar Kelimeler: Түрк тилин үйрөтүү борбору, Кыргызстан, Түркия,

Жаңылыктар