Түркия-Азербайжан-Түркмөнстан

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри М. Чавушоглу, Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов үч тараптуу билдирүүгө кол койду

24 Şubat 2021 11:16

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри М. Чавушоглу, Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередовдун катышуусунда үч тараптуу жыйын өттү. Бул 3 өлкөнүн Тышкы иштер министрлеринин катышуусунда өткөн 5-жыйын болду. Жыйындан кийин биргелешкен билдирүү жарыяланды. 

Тараптар, 2014-жылдын 26-майында Баку, 2015-жылдын 29-январында Ашхабад, 2015-жылдын 28-августунда Анталия жана 2017-жылдын 19-июлунда Баку шаарында өткөн үч тараптуу жолугушууларда кабыл алынган декларациялардагы милдеттенмелер так сактала тургандыгын  ырасташты.

Тынчтык, туруктуулук жана жыргалчылык

Тараптар, аймактын тынчтыгына, стабилдүүлүккө жана туруктуулуука өзгөчө басым жасап,  көп тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн Түркмөнстан-Түркия-Азербайжан үч тараптуу механизминин маанилүүлүгүн баса белгилешти. Терроризмге, сепаратизмге, экстремизмге, уюшкан кылмыштуулукка, баңги заттарга, мыйзамсыз курал-жарактарга, аткезчиликке, маданий жана тарыхый баалуулуктарды уурдоо кылмышына, мураскорлукка, киберчабуулдарга жана мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөшүү жаатында кызматташыкты кеңейте турган болушту.

Экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү

Билдирүүдө Түркия, Азербайжан жана Түркмөнстан ортосундагы экономикалык өнөктөштүктүн укуктук негиздери, ошондой эле үч тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди. Тараптар бажы, энергетика, транспорт, телекоммуникация, өнөр жай, айыл чарба, илим, билим берүү, маданият, туризм жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу менен өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты.

Транспорттук жана инфраструктуралык долбоорлор

Тараптар аймактын транзиттик потенциалын, анын ичинде "Чыгыш-Батыш" Транскаспий транспорттук коридорун чыңдоо жаатындагы иш-аракеттери кубатташты. Түркмөнбашы (Түркмөнстан) жана Алат (Азербайжан)  порттору ортосундагы деңиз транспортун натыйжалуу иштетүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Энергетика тармагындагы өнөктөштүк

Билдирүүдө энергетика тармагындагы өнөктөштүккө өзгөчө басым жасалды.  Тараптар буга чейинкидей эле Азербайжандын жаратылыш газын жана Түркмөнстандын энергетикалык ресурстарын алгач Түркияга, андан ары Европага жеткирүүнү көздөгөн долбоорлорго колдоо көрсөтө турган болушту.  

Жаңылыктар