5

Түркия-Азербайжан-Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлеринин 5-жыйыны Түркияда өтөт

Түркия-Азербайжан-Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлеринин 5-жыйыны 23- февралда Түркияда өтөт

22 Şubat 2021 11:47

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда Түркмөнстандын Министрлер Кеңешинин төрага орун басары жана  Тышкы иштер министри Рашид Мередов 23-февралда расмий иш сапары менен Түркияга келет.

Мередовдун Түркияга жасай турган турган иш сапары алкагында Түркия менен Түркмөнстан ортосундагы эки тараптуу кызматташтык жана аймактык көйгөйлөр талкууга алынат.

Мередовду Түркия Республикасынын президенти Р. Т. Эрдоган кабыл алаары күтүлүүдө.

Ошондой эле Түркиянын Тышкы иштер министри М. Чавушоглу, Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередовдун катышуусунда жыйын өтөт.

Түркиянын Тышкы иштер министри М. Чавушоглу Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен өз алдынча жолугушат.  Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын мындан кийинки багыттары талкууланат.

Жаңылыктар