Түркия-коопсуз өтмөк болууда

Украинадан эвакуацияланган түрк тилдүү мамлекеттердин жарандары Түркия аркылуу өлкөлөрүнө кайтууда.

05 Mart 2022 16:41

Украинадан эвакуацияланган түрк жарандары Эдирне чек ара бекетинен Түркиянын аймагына кирүүдө. Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын жарандары да Түркия аркылуу эвакуцияланууда.

Молдова, Румыния жана Болгария чек араларында маал-маалы менен кыйынчылыкка дуушар болгон жарандарды Түркияда жылуу тосуп алып, кайра узатууда. Жарандарга Түрк Кызылайы жана Эдирне шаардык ыктыярчылар фонду ысык шорпо, чай жана тамак-аш таратууда. 

Бүгүн Азербайжан, кыргыз, өзбек жана түркмөн жарандарын ташыган 2 автобус Хамзабейли чек ара бекетинен Түркияга келди. Жалпысынан 109 жаранды түркиялыктар жылуу тосуп алышты.

Жарандар Түркияда өздөрүн коопсуз сезип жатканын баса белгилешти.

Белгилей кетсек бир катар мамлекеттер Украинадагы кырдаалга байланыштуу жарандарын эвакуциялоодо.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кыргыз жарандарын эвакуациялоо үчүн Венгрия, Польша, Румыния жана Словакия маршрутун иштеп чыккан. Ошондой эле мекендештер Будапешт — Стамбул — Бишкек багыты боюнча учкан самолет менен келе алышат. 

 

Anahtar Kelimeler: Украина, эвакуация, Түркия,

Жаңылыктар