Түркия Кыргызстан мамилеси

Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникация бөлүмүнүн Башчысы проф. Фахреттин Алтун Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту.

05 Şubat 2021 12:49

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникация бөлүмүнүн Башчысы проф. Фахреттин Алтун менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну чыңдоо, 2021-жылы жогорку деңгээлдеги расмий иш сапарларды жана Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы ортосундагы Стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 5-отурумун өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле түрк тарабынан Камкорчулар кеңешинин төрагасы проф. Фахреттин Алтун болгон Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ишмердүүлүгү жөнүндө маселени талкуулашты.

Жоулугушууну жүрүшүндө ФЕТӨ тобуна каршы күрөшүү маселеси да талкууланып, өз кезегинде Ф. Алтун, аталган террордук топко каршы күрөшүүдө Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн баса белгиледи. 

Жаңылыктар