Түркия-Кыргызстан Саламаттык көпүрөсү: Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасы

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координаторлугу тарабынан Бишкек шаарында курулган Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасы  12 миң чарчы метр аянтка курулган.

07 Ocak 2022 19:34

Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасы   Түрк кызматташтык жана координация агенттиги тарабынан курулган. Бейтаптарга заманбап жана сапаттуу кызмат көрсөткөн ооруканада 72 орун даярдалган. Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасында Кыргызстандын жарандарына, чет өлкөлүк жана жарандыгы жок бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек оорукана 2021-жылы ачылып, өз ишин баштады. Анда Түркия жана Кыргызстандык медицина кызматкерлери эмгектенүүдө. Ооруканада кардиология, кан тамыр жана көкүрөк оорулары бар бейтаптарга жогорку деңгээлдеги ыкмалар, заманбап жабдуулар менен операциялар жасалып, дарылоо жүргүзүлүүдө.

Келишимге ылайык Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасы мамлекеттик болуп, эки тарап 3 жыл чогуу башкарат.

Буга чейин Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасы COVID-19 менен күрөшүү үчүн КР Саламаттык сактоо министрлигине убактылуу колдонууга берилген.

Anahtar Kelimeler: Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасы   Т,

Жаңылыктар