Түркия Кыргызстандагы Ахыскалык түрктөргө медициналык жардам жөнөттү

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана борбору Стамбул шаарында орун алган Ахыскалык түрктөр биримдиги, Кыргызстандагы  Ахыскалык түрктөргө медициналык каражаттарды жөнөттү.

19 Ocak 2021 12:36

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана борбору Стамбул шаарында орун алган Ахыскалык түрктөр биримдиги, Кыргызстандагы  Ахыскалык түрктөргө медициналык каражаттарды жөнөттү. Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына жеткирилген гуманитардык жардамды Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы утурумдук өкүлү Йекта Камил Ноян тосуп алып, Кыргызстандагы Ахыскалык түрктөр коомуна тапшырды. Медициналык жардам, 20 000 беткап, N95 үлгүсүндөгү 1200 беткап, 1500 коргоочу комбинезон, 7 термометр, 1 респиратор, 200 дезинфекциялоочу жана антисептик каражат, дары дармектерди камтыйт.

Медициналык жардамды кабыл алган Кыргызстандагы Ахыскалык түрктөр коомунун башкы директору Атамша Дурсунов, Түркиядан келген каражаттарды элге жеткирээрин убадалады. Өз кезегинде, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана борбору Стамбул шаарында орун алган Ахыскалык түрктөр биримдигине ыраазычылыгын билдирип, пандемия маалындагы бул жардам өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар