Түркия Кыргызстанды парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктады

05 Ekim 2020 14:02

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктады Бул туралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат сайтында жарыяланды.

«Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы дос жана боордош Кыргызстан үчүн ийгиликтүү болушун каалайбыз. Шайлоонун жыйынтыгында түзүлө турган өкмөт биздин эки тараптуу мамилелерибиздин жана стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп ишенебиз», деп жазылган маалыматта.

Үч партия Парламентке биринчи жолу өттү

4-октябрь күнү Кыргызстанда 120 мандат үчүн парламенттик шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоочулардын 55 пайызы добуш берүүгө катышты. Добуш берүүгө автоматтык үкөк системасынын алдын ала жыйынтыгы боюнча, шайлоого катышкан 16 партиянын арасынан төртөө жети пайыздык босогодон өттү. Алар «Биримдик», Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары. Аты атаган төрт партиянын үчөө парламентке жаңы кирип жатышат.

Жаңылыктар