Түркия Кыргызстанды шайлоо жана референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституция боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

13 Nisan 2021 01:54

 «2021-жылдын 11-апрелинде Кыргызстанда болуп өткөн жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституция боюнча референдумдун ийгиликтүү өткөндүгүн кубануу менен кабыл алдык. Референдумдун жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун жыйынтыктары дос жана боордош Кыргызстанга кут алып келсин!» - деп айтылат Түркия ТИМинин маалыматында.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституция боюнча референдумга добуш берүү өттү. Шайлоочулардын 79% ашыгы президенттик башкаруу формасын колдошту.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, шайлоо, референдум, Түркия,

Жаңылыктар